Келишимдик негизде окууга кабыл алуу 25-августка чейин жүргүзүлөт

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында келишимдик негизде окууга кабыл алуу 25-августка чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, сырттан окуу бөлүмдөрүнө кабыл алуу 30-августка, ал эми магистратурага кабыл алуу кыргыз жарандары үчүн 1-октябрга, чет өлкө жарандары үчүн 15-октябрга чейин созулат.

Эске сала кетсек, учурда гранттык билим алууга кабыл алуу аяктады, үч турдан турган кабыл алуунун жыйынтыгында 421 гранттык бош орундар калган.

Билим берүү жана илим министрлиги билдирген боюнча математика, физика, тоо кен өнөр жайы тармагындагы адистиктер боюнча орундар толбой калган.