Ысык-Көл облусунда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү соттолду

Ысык-Көл облустук соттор коллегиясынын чечими менен «Хизб ут-Тахрир» экстремистик уюмунун мүчөсү 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан адамга Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси боюнча, тагыраак айтсак, экстремистик манидеги китептерди даярдап чыгарган жана жайылткан деген күнөөлөр тагылган.

Эске сала кетсек, аталган адам  28-сентябрь күнү Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында  халифатты түзүү жана конституциялык түзүмдү кулатуу идеясын эл арасында тараткандыгы үчүн кармалган.