Кыргыз спортунун жылдыздары

Мыктынын мыктылары

Быйылкы жылы кыргыз спортунун жанары жанып, айрыкча спорттун күрөш түрү боюнча уул-кыздарыбыз жеңишке жетишкен ийгиликтери менен кыйырга таанылды. Кыргыз спорт чеберлеринин тарыхынын жаңы барагын ачышты.  Япониянын Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча кыргыз спортчулары 94 өлкөнүн ичинен 70 орунду камсыз кылып, Кыргызстандын желеги дүйнөлүк аренада бир нече ирет желбиреди. Жарандарыбыздын мекенчилдик сезимин ойготту. Спортту өнүктүрүүгө алда канча көп каражат жумшаган, олимпиадага катышкан спортчулардын саны боюнча көптүк кылган Казакстан командалык эсепте 83 орунду ээлеп калышына нааразы болгон Казак президенти К.Токаевдин  сөзүн  эске ала турган болсок, биздин спортчуларыбыздын жоктон барды жараткан эрдигине баа беришибиз абзел.

Айрым спорт адистеринин айтканына караганда, Кыргызстанда 2010-жылга чейин кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча колго илинерлик команда болгон эмес экен. Акыркы он жылдын ичинде кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча   олимпиада жана дүйнөлүк чемпионатта кыргыз спортчуларынын сүрү айкын билине баштады. Спорттук державалар менен тең тайлашкан деңгээлге жеткенибизди сыймыктануу менен айтышыбыз керек. Учурдан пайдаланып, кыргыз спортунун топ башында турган спорт чеберлери тууралуу кыскача маалымат бере кетели.

Чынында эле кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытты.  Ал тургай машыктыруучу катары спорттон алыстап бараткан Нурбек Изабековдун килемге кайра келишине Айсулуунун спортко болгон ышкысы, талыкпас эмгеги себеп болгонун айтышат. Тыныбекова эгемендүү Кыргызстандын спортунун тарыхындагы эң алгачкы Азиянын төрт жолку, дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Токио олимпиадасынын күмүш медалынын жана эл аралык деңгээлдеги бир нече мелдештердин жеңүүчүсү. Дүйнөнүн кубогунан ээси. Жакында эле UWW ASIA башкы катчылыгы тарабынан кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Азиянын мыкты спортчусу деп таанылды. Айсулуу кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштүн учугун улаган, артынан жаштарды ээрчитип чыккан ак жолтой спорт чебери.

Айсулуунун жолун улап, элетте машыгып, дүйнөлүк аренаны багындырууга батынган Мээрим  Жуманазанова жаш болсо да Токио олимпиадасында татыктуу күрөшүп, коло медалга ээ болду. Бирок, анын Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионаттагы ийгилигине суктанбай коюуга мүмкүн эмес эле. Ал финалда япон спортчусун таза жеңип басып кетпей, ооруксунган атаандашына жасаган мээрими менен күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк бириккен уюмдун (UWW) тарыхтын жаратуучусу деген жогору баасына арзыды.

Уучубуз куру эмес экен Ослодо өткөн дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын ээси Айпери Медет кызы, жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта Калмира Билимбек кызы күмүш медалга,  Сезим Жуманазарова коло медалын багындырышканын баса белгилейли.

Күрөш боюнча эркектер арасында буга чейин деле бир топ ийгиликтер жаралып келген. Бирок Токио олимпиадасындагы кыргыз жигиттеринен үмүт арткан  элибиздин мүдөөсү аз да болсо аткарылды. Айтайын дегеним,  күрөштүн грек-рим стили боюнча килемге чыгып келаткан Акжол Махмудовдун жеңиштери бүйүр кызытканы бекеринен эмес. Токио олимпиадасында Акжол күмүш медалга ээ болушу менен спорт ааламында жаңы лидердин чыгып келе жаткандынын айгинеледи. Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Властов «Лучше начинать с серебряной медали, чем заканчивать. Ты украсил эти игры. Настоящий лев ковра!» — деп тан берген пикирин билдиргени бекеринен эмес.

Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан спорт чеберлеринин сабын улаган эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев күмүш медалга, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга, Алибек Осмонов коло медалга ээ болушуп, дүйнөлүк чемпионатта өлкөбүздүн намысын коргошту.

Жыл соңунда мына ушунда ийгиликтерди жаратууга жетишкен күрөш чеберлеринин машыктыруучулары  Нурбек Изабеков, Түгөлбай Базакечев,  Мейрамбек Ахметов,  Рахмадил Жуманазаров жана башка спорт адистеринин эмгегин жогору баалашыбыз абзел.

 

Шекербек КАЛЫКОВ,

“Кыргыз Туусу”

 

 

0 Поделились