Аба ырайы: айрым аймактарда жамгыр жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 4-августта түнкүсүн айрым жерлерде, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +26…+31,

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +26…+31,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,

Нарын аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28 гардуска көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында 4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы күндүз 21…23,  28…30 градус ысык болот.