Хоккейден кыйын экенбиз

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Евразия кубогунда биринчи орунду жеңип алганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменти маалымдады.

7-9-январда Стамбул шаарында өткөн бул мелдешке Кыргызстан, Түркия, Болгария жана Босния-Герцеговиниянын курама командалары катышты. Алгачкы оюнда биздин команда Болгария курама командасын 7:5 эсебинде, жарым финалда Түркияны 7:5 эсебинде утуп алган. Ал эми финалдык беттеште Босния-Герцеговиния менен ойноп 5:2 эсебинде утуп, биринчи орунга татыктуу болду.

0 Поделились