Кыргызстандык кыз күйөөгө тийбеш үчүн калп жинди болуп, Москвада ооруканага түштү

Москвада кыргызстандык кыз турмушка чыкпаш үчүн өзүн акылдан айныган адамдай кылып көрсөткөндүгүн Россиядагы Кыргызстан элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-август күнү элчиликке Россиянын борборундагы психиатриялык ооруканада жаткан кызымды алып чыгууга жардам бергиле деп кыргызстандык жаран кайрылган. Анын айтымында, кызы ал жерге өз эрки менен барган эмес.

Дипөкүлчүлүктөн аталган ооруканага барып, кыздын дарыгери менен сүйлөшүшкөн.

Ак хаталчандын билдиргенине караганда, акылга сыйбаган нерселерди айтып, жөөлүгөн кыз ушул жылдын 29-июль күнү ооруканага түшкөн.

Ал эми кыз өзү ата-энеси жарым жылдан бери анын каалоосуна каршы, тааныбаган жигитке турмушка берүүгө аракет кылып жүрүшкөнүн элчиликтин кызматкерине айтып берди.

Ошондон улам ал өлкөдөн качып чыгып, Россияга барып ооруканага жатууну пландаганы белгилүү болду.

Москва шаарынын Симоновский райондук соту кыргызстандыкты каалоосуна каршы дароолоо боюнча оорукананын арызын четке какты», — деп айтылат билдирүүдө.

Сот отуруму бүтөрү менен кызды ооруканадан чыгарып, атасына өткөрүп беришти.

Булак: «Спутник»