ИИМде 6 өз алдынча кызмат түзүлдү

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинде өз алдынча алты кызмат түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы кызматтар КРнын президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы «Укук коргоо органдарынын системасында реморма жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» буйругун аткаруу жана мыйзамдуулукту камсыз кылууну уюштуруу, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү  максатында түзүлдү.

Алар Криминалдык милиция кызматы, Мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Ички тергөө кызматы, Тергөө кызматы, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу кызматы жана Коомдук тартипти сактоо кызматы болуп саналат.

Ошондой эле, аталган кызматтардын жетекчилери дагы дайындалды.

Криминалдык милиция кызматынын жетекчилигине милициянын полковниги Болпонов Нурмат Жумабекович;

Мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына милициянын полковниги Араев Азамат Муратович;

Ички тергөө кызматына милициянын полковниги Кочербаев Скандарбек Анатольевич;

Тергөө кызматына милициянын полковниги Уметалиев Талантбек Жедигерович;

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу кызматына милициянын милициянын полковниги Бийбосунов Улан Мелисович;

Коомдук тартипти сактоо кызматына милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович дайындалды.