Талапкерлердин бири тил сынагынын убактысын жылдырууну өтүндү

Президенттик кызматка талапкерлердин бири мамлекеттик тил боюнча сынактын убактысын кийинкиге жылдырууну өтүнүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан кабарлашты.

Комиссия билдирген боюнча, талапкер Арсланбек Малиев ден соолугунун абалына байланыштуу сынактын убактысын башка күнгө жылдырууну суранып кат жазган. Бирок талапкерлердин жаңы сынак берүү убактысын БШК дайындай алат.

А.Малиев мамлекеттик тил боюнча бүгүн, 4-августта сынак тапшырыш керек болчу.