Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Алаканын курсагына коюп, эки ийнин бүлкүлдөтүп ыйлап да, күлүп да, ушул жагымдуу сезимди жоготуп алчудай көздөрүн жумуп, чөк түшүп отурган Кызмончок жакын эле жерде, так маңдайында өзүн тирмийип тиктеп турган күмүш жон жыланды байкаган жок.

Башка убак болгондо го, анын шырп эткени түгүл, эмнени ойлонуп турганын алыстан эле туймак. Бу жолу бакытка мас болгон келин аны туйган жок…

Күмүш түсү, айрыкча, күн менен айдын жарыгында жылтылдап, көз тайгылта кубулуп турчу береги жылан аны обочорооктон карап, бир жагынан суктанып, бир жагынан денесин “дирт” эттирген кызганыч, жек көрүү бийлеп, буркан-шаркан түшкөн эки сезимдин ортосунда турганына кыйла убакыт болду.

Бул – баягы, бала кезинде Жандын артынан калбай чепеңдеп эрчип жүрчү, бирок эми деле ийменип, имерилип, шынарлаганына карабай, адам баласына ашык болгон ак жылан көз кырын да салып койбой, көңүл сыртында, көмүскөдө калтыраган күмүш жон, сулуу жылан эле.

Кызмончок аны былтыркы күздө, айылдыктар алардын үйүн эл өрттөмөк болгондо ордосу менен каптап келип, алаамат түшүрүп кеткен жыландардын арасынан көргөн да, эстутумунда бекем сактап калган.

Анткени, ак жыландын жанында койколоңдоп кетип бараткан күмүш жон жыландын ошондогу кылчайып караганы ага көп нерсени айтып кеткен болчу. Анын бу көздөрүнөн Кызмончок өзүнө карата суктанууну да, жек көрүүнү да, тымызын эрегишүүнү, ошол эле убакта кандайдыр өтүнүчтү да окуган.

Экөө бири-бирин тымызын түшүнгөн окшогон.

Бектемирге “аный” дебей турмушка чыгуусунун бирден-бир себепкери да, өзү “күмүш жылан” деп атап алган ушул жылан эле. Айбан да болсо анын бир караш менен көп нерсени туюнтуп кеткени аны катуу ойлонткон.

Ошондо жыландарды көрүнбөй калгычакты мелтиреп, узата карап турган кыз, кандай болгон күндө да адам – адамча, макулук – макулукча жашоого тийиш экенин түшүнгөн.

Эмнегедир, эне болууну эңсөө, бала жытын самоо сезими да ошол ирмем жан дүйнөсүнүн чекиттей бир бир жерине орной калган да, бекем кадалып калган…

Окшоштук эмей эмне, күмүш жон жыланда да ушундай эңсөө бар болчу… Бирок өзүнүн өзгөлөрдү теңсинбеген текеберлигинин, өжөрлүгүнүн айынан бул шыбагадан канча ирет куру калды. Канча ирет, канча жыландын ымала санаган ысык боюн суутуп, жанына жолотпой ыргып-секире арбашып, кармашып, качып чыга берет. Болбосо, эмгиче канча ирет эне болмок бул, өзүнө окшогон дагы канча жыланды жер бетине жыбыратып таштамак. Бирок анын каалаганы бирөө гана – ак жылан! Анын бул каалоосу дагы канчага созуларын, бирок анын акыбети болобу же тек гана куру убарабы, өзү да билбейт.

Бир билгени, күмүш жон жыландын өзүнүн артынан акмалап жүргөнүн, Кызмончокко жакындоого аракет кылганын ак жылан жактырбайт. Болбосо, күмүш жылан алардын баскан-турган жерлерин ийнежибине чейин билет. Атүгүл, Асылбектин үйүнө кирип келген күнү болгон.

Бир жолу из кубалай эрчип, Жан кирип кетчү оюкка келип такалган. Ошол оюк аркылуу чубалжып кирип кеткен да, түз эле Кызмончок жатчу үйдүн бурчунан чыккан.

Ар дайым Жан кирип, чыгып кетчү ошол оңурайган оюкка жылтыраган эки көз бүтүп, таттуу уйкуда жаткан Кызмончокту кыйлага карап турган. Канча ирет кызга бир серпилип жетип, канчадан берки каалоосун кандырып алгысы келип, бирок эле тулкусун бирөө жарым жерге ныгыра басып алгансып, көпкө чейин ордунан козголо албай койгон. Ансайын итатайы тутулуп, жек көрүүсү күчөп, оюктан суурулуп чыгууга далбастаган.

Аңгыча ал күтпөгөн бир укмуштуу окуя болуп кеткен.

Жаңы эле оюктан башы кылтыйып чыккан кезде, кайдан-жайдан тааныш да, тааныш эмес да, акырын шуудураган дабыш пайда болгон. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, бир убакта күмүш жылан так төбөсүнөн тиктеп турган ак жыланды, чанагынан чыгып кетүүчүдөй заар чачып чакчайган көздөрүн көргөн! Шашканынан кайра “култ” этип кайра кире качууга дарамети келбей, айбаат кыла калчылдаган. А бирок ак жыландын алдында

ал өзүнүн канчалык алсыз экенин билчү ал.

Демейде Кызмончокту курт менен кумурскадан да коруган Жандын жаалы кайнап кеткен. Бирок, антсе да ал сабыр кылган.

Жок, дегинкиси, Кызмончоктон тартынган. Эгерде ал мунун ырайымсыздыгын, зулумдугун көрсө, балким таарынмак, балким таптакыр жек көрүп калмак… Андыктан эми элеки тарамыштай түйүлүп, түктүйгөн денеси саал бошоп, күмүш жыландын бу жерден ылдам чыгып кетүүсүн талап кылып да, каалап турган.

Ушуну түшүнө койгон күмүш жылан чыңалган денесин бошотуп, анткен менен эки көзүн ак жыландан албаган боюнча артка жылып, кере карыш чыга калган мойну кыскарып отуруп, башы бир убакта оюктан “култ” этип, оюктан ары кирип кеткен.

Жолду катар ызадан өзөгү өрттөнүп, бир чети ак жыландын каарынан аман кутулганына сүйүнүп, боорун жерге ныгыра-ныгыра басып кетип бараткан күмүш жылан көп өтпөй эле артта келе жаткан ак жыландын доошун туйган да, бир чети коркконунан, бир чети аны адамдардын айылынан ушу сапар биротоло алыстатып алып кеткиси кетчүдөй, ансайын жебедей сызган…

Бүгүн да жер которуп, көчүп бараткан ордо жыландардан бөлүнүп, алда качан эле ак жыландын артынан келген.

Мына эми, бу тегеректе Кызмончок экөө гана… Башка эч ким жок…

Эки ачакей тилин соймоңдото чыгарып, кайра тартып алды. Ал өмүр бою күткөн учур так ушул сыяктанып, башын кылтылдата ойдолоктоп алып, Кызмончокту карай акырын жыбылжып, жылып келе жатты.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.