Башчы шайлоодо Баш мыйзамды сыйлайлы

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстан чоң саясый өнөктүктүн алдында турат. Азыр ар бирибизди – Президенттик шайлоонун тагдыры кандай болот, эл башына кандай адам келет, шайлоо тынч өтөбү, ар кандай опуртал иштер болуп кетпейби деген ой түйшөлтүп, ар бир кыргызстандык чийки май жеген абалда турганы талашсыз.

Бир караганда, баары сыдыргыга салгандай көрүнөт: президент А.Атамбаев өз бийлигин тынч жана легитимдүү өткөрүп берем деп убада кылып келген жана ал өз убадасында турду, күздө жаңы президент шайланганы туру, оппозиция айтып келген “мураскер операциясы” да болгон жок.

Акын, актёр, жазуучулардын баш паанегине айланган карылар үйү… келбес сапар… өлбөс кыргыз руху…

Бул жакшы жышаана, буюрса, минтип бийликти легитимдүү өткөрүү кийинкиде салтка айланат деген ишеним бар. Анан калса, кыргызда дагы бир жакшы сөз бар: “Ат чуркабайт, тап чуркайт, тап чуркабайт, бак чуркайт”. Бул жолу кимдин жылдызы жанып, кимдин ооматы келип турду экен? Анын баары элдин колунда, эл кимге добуш берет, кеп мына ошондо.

Бул өнөктүктө бизди тынчсыздандырганы – дин маселеси. “Ала жазда эл эмне дейт”, – экен дегенсип, “күздөгү президенттик шайлоого талапкерлигимди коем” деп бир балп эттирип, анан эртесинин эртеси, ал айткан оюнан баштарткан экс-муфтий Чубак ажы Жалилов жакында АКШга ат арытып барып келди. Жөн барбай, коомчулукту дагы ызы-чууга салып, боордош Түркия мамлекетинин расмий бийлиги мыйзамдан тышкары деп жарыя кылып, АКШдан Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылган, акыркы жылдарда АКШда баш калкалаган Фетхуллах Гүленге жолугуп келди. Талаш жок, Чубак ажы экс-муфтий макамы эле болбосо, Кыргызстандын расмий бийлигинин, же Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын расмий өкүлү эмес, катардагы динаятчы, демек, ал кимге жолугат, эмне тууралуу сүйлөшөт, анын жеке иши. Антейин десең, бу киши өзүн-өзү пиар жасаганды, өзү тууралуу арадай жерде чарадай сөз болуп турганын жакшы көргөн адам эмеспи: “Мен Фетхуллах Гүлен менен жолуктум, кандай түшүнсөңөр, дал ошондой түшүнгүлө, ичиңер ачышса туз жалагыла” дегенсип, Фетхуллах Гүлен менен түшкөн сүрөтүн (ислам дининде сүрөткө түшүү чоң күнөөлөрдүн бири, аны экс-ажы билбейт деп айтканда болбойт) социалдык түйүндөр аркылуу интернетке жарыялап ийгени аз келгенсип, интернет сайттарынын бири аркылуу Фетхуллах Гүлен анын идеалы экенин, анын жанында болуп, көптү үйрөнгүсү келгенин айтып, анан тим турбай, Түркия мамлекетинин бийлигине Фетхуллах Гүленге байланышкан билдирүү да жасап ийбедиби. Ал билдирүүсүндө, бул билдирүүнү мен эмес, Борбор Азиядагы мамлекет башчылары жасаса жакшы болмок деди, кашайгырдыкы. Мына маселе кайда.

Албетте, Чубак ажынын бул жоругун жазбасак болор эле, бирок Түркияда окуп жаткан жүздөгөн студенттер: “Эки өлкөнүн мамилелерине кедерги тийгизе турган бул кадамыңыз миңдеген мекендештериңиздин тагдырын ар кандай багытка өзгөртүүгө себеп болуп калышы мүмкүн экендигин терең тынчсыздануу менен эскертебиз” деп кайрылуу жасашты.

2016-жылдын 15-июлунан 16-июлуна караган түнүндөгү 22 саатка созулган жана 249 адамдын өмүрүнүн кыйылуусуна жана 2193 адамдын ар кандай жаракаттарды алуусуна апкелген кандуу окуя Түркия бийлиги тарабынан мамлекеттик төңкөрүш катары бааланган жана анын уюштуруучусу катары АКШда качып жүргөн Фетхуллах Гүлен жанан жолун жолдоочулар айыпталган.

Бүгүн бул окуяга байланыштуу 47 миң адам камакта отурат. Мунун баарын Чубак ажы Жалилов билбейт, түшүнбөйт дегендей, ал медреседе окуган мадыра баш жаш бала эмес. Дин аалымы. Болгондо да экс-муфтий. Анын Фетхуллах Гүлен менен жолугушуусунун залалы Түркияда окуп жаткан студенттерге гана эмес, ал жакта иштеп жаткан миңдеген кыргызстандыктарга да тийип калышы мүмкүн. Арийне, ажы ушунун баарын эң сонун түшүнүп турса да: «Фетхуллах Гүлендин сабактарына катышып, өзү менен баарлашып, үй-бүлөм үчүн, Кыргызстан үчүн бата алып келдим» дегени эч бир акылга сыйбаган нерсе. Бул бери дегенде миңдеген кыргызстандыктардын тагдырына кайдыгер карагандык, кол шилтегендик.

Экономика бүгүн: Экспортту колдоого миллиондор

Арийне, дин фанаттары экс-муфтийге жана Фетхуллах Гүленге сөз тийгизгилери жок. Алардын бири Жеңишбек Жумакадыр интернет түйүнүндөгү социалдык баракчасына: “Дайыма ичимден залкар аалым, устаз Ф.Гүлен Хожа эфендиге кыргыздын атактуу аалымдарынын бири жолугуп, жалпы журтка акыйкатты айтып берсе дээр элем. Кудай каалап ниетимдегидей биздин залкар Чубак ажыкебиз улуу устазга жолугуп кайтты. Чубак ажыкебиз устаз Фетхуллах Гүленди көрүп, сабагына катышып таң бергенин, дүйнөдөгү саналуу гана зор аалымдардын бири экенине ынанганын, ал жердеги абал башкача сөз менен айтып бере алгыс керемет экенин, мүмкүнчүлүк болгондо калып улуу аалымдан сабак алгысы келгенин айтты…

…Түркиядагы мекендештер санаа чекпей эле коюшса болот. Чубак ажыке, устаз Фетхуллах Гүлен менен сүрөткө түшпөсө деле биздин мамлекеттин көз карашын Президентибиз былтыр эле билдирген болчу. «Президентиңер ушинтти» деп Түркиядагы окуган студенттерди, ишкерлерди кууп жибербеген, Чубак ажыңар чогуу сүрөткө түштү деп кууп жибербесе керек”, – деп жазды (кыскартылып берилди – Б.Т.). Биз бул Чубак ажы менен Фетхуллах Гүленди пайгамбарга теңеген интернет колдоочусунун пикирине комментарий бергибиз келбейт. Биз бир гана нерсени айта алабыз.

Кыргызстан чоң саясый өнөктүк – өз президентин шайлоо алдында турат. Ушул жолу бийлик тынч жол менен өткөрүлсө, буюрса, салтка айланып, кийинкиге жакшы жөрөлгө болору шексиз. А дин тууралуу айтсак, КР Конституциясынын 1-беренесинде: “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет” деп так жазылган.

Демек, жалпак тил менен айтканда, бул дин – мамлекеттен тышкары дегенди билдирет. Андай болгондо, дин аалымдары болобу, дин фанаттары болобу, шайлоо алдында аягы Америка, биягы Арабияга барып айылчылабай, анысы аз келгенсип, өөндөн мөөн чыгарып, коомчулуктун ачуусун козгоп, коомдук ой-пикирге от жагып, өз ойлорун кимгедир таңуулап, интернетти жарбай, тынч болушса деген ой. Анткени, Кыргызстандын карапайым жарандары үчүн – өлкөнүн коопсуздугунан жана бүтүндүгүнөн бийик да, ыйык да эч нерсе жок.