Кыргыз балбандары үйлүү болушту

Кыргызстандын күрөш боюнча чемпионатынын ачылыш аземи болуп, анда Олимпиададан медаль уткандарга жана дүйнө чемпиондоруна батирдин ачкычтары тапшырылды.

Аталган иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Спорт жана дене тарбия департаментинин жетекчиси Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын башчысы Мелис Турганбаев, спортчулар, демөөрчүлөр жана машыктыруучулар катышкан.

Федерация президенти Мелис Турганбаев Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болгон Бекболот Мырзаназар уулуна бир бөлмөлүү батир, дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиевге эки бөлмөлүү батирдин ачкычтарын тапшырган. Андан сырткары, башкы жана ага машыктыруучулар Руслан Маджинов, Ислам Тазабеков жана Нурлат Такиров акчалай сыйлык алышкан.

Ал эми федерация жетекчисинин кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти Динара Исаева Айсулуу Тыныбекова менен анын машыктыруучусу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батирдин ачкычын берген. Муну менен Айсулуу Тыныбекова эки өргөлүү болду.

Ошондой эле, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Алибек Осмоновго бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган.

0 Поделились