Айзуура ИМАНАЛИЕВА: «Атамды сагынганда ырларын окуп бугумду жазып алам»

Эл уулун эскерүү

Ак таңдай төкмө, жазма акын, обончу, аткаруучу, манасчы, дастанчы, актёр, Кыргыз эл артисти, маркум Элмирбек Иманалиев быйыл 17-январда 44 жашка чыкмак. Залкарыбызды эскерип улуу кызы Айзуура ИМАНАЛИЕВАны кепке тарттык.

– Атаңыз Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө эки жылга жакындап бара жатат. Түшүңүзгө кирип, аян берген учурлар болобу?

– Каза болгон учурда түшүмө көп кирди. Бир түшүмдө ракеталар учуп, согуш болуп жатыптыр. Атам болсо ооруканага түшүп калыптыр. Мен жетип барып эле акыбалын сурасам жүрөк тушун мыкчып алып «менин ушул жерим жараланды» деп жатыптыр. Анан бул түштү «атам тигил жакта жүрүп да кыргыз эли башынан өткөргөн оору-сыркоону, бийлик алмашууларды ойлоп тынч жата албай жатса керек» деп жоруп койдум. Үйдүн улуусу болгонгобу мен атама батынып бир нерсе айта алчу эмесмин. Анын үстүнө апам бизди кичинебизден атамдын тынчын көп албаганга тарбия-лаган. Ошол себептен анын бөлмөсүнө да көп кирчү эмеспиз. Бир жолу биз атабызга бизди бир жакка алып барып келиңизчи дегендей мааниде кат жазганыбыз эсимде. Атам «муну оозеки деле айтпайсыңарбы» деп күлгөн.

– Атаңыздан бөлөк жашап калган кезиңизде атаңызга кандайдыр бир балалык таарынычтар болсо керек?

– Болду. Болгон жок десем жалган болуп калат го. Экөө неге бирге жашабайт деп апама да таарындык. Албетте, бул эки чоң адамдын чечими, бирок, ортодо бала катары биз көбүрөөк убайым чегип, көпкө таарынып жүрдүк. Кийин атам үйлөнүп бала-чакалуу болгондо да таарынычыбызды ачык айткан жокпуз. Кийин эс тартып, атама көбүрөөк жакындап, анын өнөрүн, элге кылган кызматын түшүнгөндө гана чыгармачыл адам убактысынын көбүн чыгармачылыкка жумшарын түшүндүк. Азыр ага бекер эле таарыныптырбыз деп ойлонуп калам.

– Атаңыздын кандай сапаты сизге көбүрөөк жакчу эле?

– Азыр кичине төбөсү көрүнсө эле асманды сүйлөп калгандар көп. Атам антпей, канчалык атактуу болсо да жөнөкөй болду. Машина айдаганда нерв болом деп дайыма коомдук транспорт менен жүрчү. Бир жолу бир автобуска тыгылып түшүп, башы терезеден чыккан боюнча кетти. Мындай учурларды көргөндө классташтарым «атаң таанымал эле киши, неге машина сатып албайт же ага акчасы жокпу?» – деп таң калышчу. Атам болсо «мен эл менен көп болсом жакшы эргүү келет» деп машина айдачу эмес. Көрсө атам бизчилеп машинага, байлыкка баш оорутпай жан дүйнөгө көбүрөөк маани берчү экен. Анан атамдын адамгерчиликтүүлүгү, дайыма жайдары жүргөнү мага жакчу.

– Атаңыз, жолдошуңуз, сиз үчөөңүздөрдүн сүрөттөрүңүздү көп көрүп калам. Турмушка чыкканга чейин, чыккандан кийин атаңыздын үйүнө барып турчу белеңиздер?

– Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө акырын атама «ушундай жигитти тааныйсызбы?» – десем, «абдан мада-нияттуу жигит, бир жолуксам азаматсың деп колун кысып коёюн деп жүрөм» деди. Кийинчерээк экөөнү тааныштырсам экөө көпкө сүйлөшүштү. Сөздөрү бүтпөгөн экөөнү карап отуруп атамдын болочок күйөө баласын жактырганын байкадым. Кийин тоюбузда атам, апам экөө тең болду. Анан капысынан эле апам каза болуп калды. Ошондо атам «силерди туура тарбиялап, багыттай турган апаңар – аска-зооңор урап калды. Эми мен колуман келишинче силерди жөлөп-таяганга аракет кылам», – деди. Кийин атамдын, менин, жолдошумдун, баламдын туулган күндөрүндө, майрамдарда бат-баттан жолугушуп, мурдагыдан да жакын болуп кеттик. Атам да биздикине келип-кетип жүрдү.

– Биринчи небереси төрөлүп, тая-та болгондо абдан сүйүнсө керек?

– Атамдын дагы бир жакшы сапаты катуу сүйүнгөнүн да, катуу кайгырганын да көп ачыкка чыгарчу эмес. Неберелүү болгондо аябай сүйүндү, бирок, көз тийбесин дедиби, айтор биздин көзүбүзчө «чоңоё берсин» деп койду. Бир жашка чыгып, тушоо тоюн бергенден кийин небересине көп ыктап, ар кандай шылтоо менен ага көп убакыт бөлө баштады. Кээде жумуштарын жыйыштырып салып небереси менен көпкө отурганын көрүп, небереси атама аябай таттуу болуп жатканын сездим. Анын үстүнө Мырзанын тили «таята» деп так чыкты. Анан сүрөттөрүн, видеолорун да эртели-кеч атама вотсаптан жөнөтүп турчубуз. Атам каза болгондо жолдошум көнүмүш адат менен анын номерине видео, сүрөт жөнөтүп ала жаздаганын айтып ыйлап жүрдү.

– Атаңыздын “Аманат” китебиндеги ырларында сиздерге болгон сүйүүсү чексиз экени билинип турат. Сизге кайсы ыры катуу таасир калтырды?

– Бул китепте 2008-жылдан кийин жазылган ырлары көп экенин, ал ырлар кандай ырлар экенин окурмандар өздөрү түшүнөт. Ошол жылдан кийин апам экөө эки ажырым жолго түшкөндүктөн сүйүү, үй-бүлө жаатындагы ырларды көп жазыптыр. Бизден тартынчубу ырларын бизге көп окуп берчү эмес. Бир күнү мен атамдан көркөм окуйм деп жазган ырларын сурап алып бүт окуп чыгып, аябай ыйладым. Кийин ошол ырлары “Аманат” китебине киргизилди. Ал ырларын биринен бирин бөлүп карай албайм. Мага баары жагат. Айрыкча биз тууралуу:

“Түштөн кийин жамгыр төгүп жиберди,

Чагылган да катуу тарс деп үч ирет.

Кагылайын эки кызым, силерди,

Ойлоп алып, денем кетти дүркүрөп”, – деген саптары катуу таасир этти. Анан атам башка акындардай эле ырларын сыр кылып, табышмактатып жазыптыр. ªзү жаз мезгилин, апрелди, сиренди абдан жакшы көрчү. Сезим да апрель айында төрөлгөндүктөн “жаз айлары, сирень гүлдөгөн кез мага абдан жагат” деп калчу. “Сирендерим” деген ырында:

“Жаз келди жайып жашыл килемдерин,

Келгендей келбес жайга жибергеним.

Сирендер жыпар чачса сени эстейм,

Сиреним, сирендерим – силер менин”,- деп сүйүүнү, жаз мезгилин жазып келип бизге болгон сагынычын төгүп бериптир. Атамды сагынганда, кусаланганда ушундай ырларын окуп бугумду жазып алам.

– Акыркы жылдары атаңыз жакындарына, шакирттерине, замандаштарына таң ата вотсап аркылуу ак баталарды жөнөтүп турчу эле. Сизге да көп жөнөтсө керек?

– Ооба, жөнөтүп турчу. Кээде “бата-ларыңыз эле бир китеп болуп калды го” десем, күлүп “баталарым кыргыз элиме болгон каалоо-тилегим, анын ичинде силер да барсыңар” деп калчу. Тилекке каршы, мындай болуп кетерин ким билиптир. Ортодо мен атамдын кыргыз элине, өзүбүзгө жазган толтура каалоо-тилектери бар телефонумду жоготуп алдым. Азыркыга чейин ошолорду кагазга чыгарып алсам болмок экен деп өкүнөм. Бирок, андан кийинки каалоо-тилектери, баталары сакталып калды. Көзү өткөндөн кийин да негедир атамдан бир күнү SMS, баягыдай таң ата баталар келип калчудай күтүп жүрдүм. Улам ачып мурунку баталарын кайра-кайра окуп коём.

– Элмирбек байке намазга жыгылып, йога менен да машыккан деп калышат. Буга күбө болгон учурларыңыз болду беле?

– Бул боюнча атам менен көп сүйлөшчүбүз. Атам арабча сөздөрдү так, туура окуп, Куранды кырааты менен окучу. Диний китептерди көп окуп, башка диндерди да изилдеп, терең түшүнүүгө аракет кылды. Анан «акыры баарыбыз барып эле бир Кудайга жалынат экенбиз» деп айтып калчу. Акыркы мезгилдерде ден соолугуна байланыштуу уйкусу качып, таңкы төрттөрдө турууну адат кылып алган. Биз «ата андай болбойт, укташыңыз керек» десек, «жок, бул учурда менин уйкум канып, мага сонун эргүүлөр келет, анан таң эрте мен Жаратканга жалынам, бирок ага кыргыз тилинде кайрылам» дечү. Негизи биз бала кезден эле атам эрте туруп «Туңгуч» микрорайонунун жогору жагындагы каналды жээктеп, таңды тосконду, сейилдегенди жакшы көрчү.

– Ата-энеңиздер ажырашкандан кийин атаңыз «кыздарым менде» дегенин окуп калдык эле. Мунун канчалык чындыгы бар?

– Негизи журналист калкы кээде азыркы тил менен айтканда «хайп» кылып, бурмалап жазганды жакшы көрөт экенбиз. Ата-энебиз ажырашканда биз апабыз менен эле болдук. Апам бизди чектебей тескерисинче атабызга, атабыздын туугандарыныкына жиберип турду. Кайсы бир жайкы каникулда биз атамдын кичи мекени Токтогулга барып калдык. Ошондо журналисттер «Гүлбүбү кыздарын атасына берип салып, өзүнчө жашап калыптыр» деген маалымат чыгарып жиберишти. Буга апам капа болуп, «мен кантип эле кыздарымды таштап коймок элем, кыргызда кеткен аялды жакшы дебейт деген ушу тура» – деп көпкө ыйлап жүрдү. Кийин атам да «айрым сөздөр бурмаланып чыгып кетиптир» деп апамдан, бизден кечирим сурады.

Кыскасы, ошол кезде айрым журналисттер ансыз да араң турган отко кайра май  куюп, күчөтүп коюшту. Аны менен ошол кезде кайсы бир гезит жакшы өтүп, кайсы бир видеонун көрүүчүлөрү көп болгондур. Бирок, анын кесепетинен бир үй-бүлө урап, акыры эки талант минтип каза болуп калды. Башкача айтканда, алар эки адамдын турмушунун бузулушуна, балдарынын көз жашына себепкер болуп коюшту.

– 2020-жылы Элмирбек Иманалиев атындагы фонд түзүлгөнүн уктук эле. Азыр фондду ким жетектеп, кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

– Апам каза болгондо «Гүлбүбүнүн эки кызы кыйналып жатыптыр» деп ортодо акча чогултуп жибергендер болгон. Кийин алар дайынсыз жок болуп кетишти. Көрсө ушундай учурду пайдаланып, алдамчылык кылып жибергендер да болот экен. Атамдын көзү өткөндө да ортодон анын атындагы фонд түзүүнү демилгелеп, «балдары кыйналып жатыптыр, ал жакка акча түшкүдөй атайын эсеп ачыш керек» дегендер чыгып кетти. Анан мурдагы окуя дагы кайталанып кетпесин деп биз атамдын туугандары менен «Элмирбек Иманалиев атындагы фондду» ачып, коомчулукка ал коммерциялык багытта эмес экендигин маалымдадык. Бул фонд атамдын атын өчүрбөө, чыгармачылыгынын экинчи өмүрүн улантуу максатында экенин да ачык билдирдик. Атамдын бир тууган агасы Айдарбек Иманалиев атабыз фондго директор болгон. Мен Бишкекте болгондуктан фонддун документтерин, кагаз иштерин бүтүрүү милдетин алгам. Чынын айтканда, атам менен апамдын ырларын дайыма угуп, сүрөттөрүн көрө берүү, эскерүү биз үчүн көпкө оор болду. Азыр да оор. Ошентсе да биз эми белди бекем бууп,  фонддун ишин жүргүзүп, кийин инилерибизге өткөрүп беребиз деп турабыз. Быйыл 15-16-январга карата 15 жаштан 40 жашка чейинки атамдын обондуу ырларын аткарып жүргөн эл ичиндеги таланттар, маданият чөйрөсүндөгү ырчы, обончулар, аткаруучулар арасында атайын конкурс уюштурдук. Конкурсту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, үзөңгүлөш замандашы Самат Көчөрбаев, аяш атабыз Сыймык Бейшекеев, «Айгине» маданий изилдөө борбору, ЮНЕСКО уюму менен биргеликте өткөргөнү жатабыз.  Буюрса, бул конкурс жылдан жылга уланып кете берет. Кийинчерээк атамдын эстелиги Бишкектин бир паркына коюла турган болуп жатат. Кыскасы, биз атамдын атын өчүрбөгөнгө болушунча аракет кылып жатабыз. Албетте, атам аз жашап калганына абдан өкүнөбүз. Бирок, эл аны баалап, барктап, жоктоп, эскерип жатышканда айла жок атам аз жашаса да саз жашаптыр деп калабыз.

 

Мелис СОВЕТ уулу,

«Кыргыз Туусу»   

 

0 Поделились