Талапкер Руслан Жунусов кыргыз тил сынагынан өтпөй калды

Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө кирген талапкер Руслан Жунусов сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Тактап айтканда,  4 субтесттин жыйынтыгында 46,1 гана балл топтогон. Мындан улам Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилет.

Талапка ылайык, талапкерлер 60 пайыздан кем эмес балл топтошу керек.

Кошумчалай кетсек, бүгүн тест тапшырчулардын арасында талапкер Сооронбай Жээнбеков дагы бар.