Мамлекетчил көз караш, мамлекетчил мамиле түптөлө баштады

Жаңы бийликтин 1 жылы

Жаңырган жыл жагымдуу жаңылыктар менен башталды. Буюрса, быйылкы жылдан тартып, мектеп окуучулары Таластагы “Манас ордого” экскурсияга келип, элибиздин, өлкөбүздүн тарыхы менен жакындан таанышып, эл-жер үчүн ак кызматын өтөгөн ата-бабаларга зыярат кыла башташат экен. Бул үчүн экскурсияга келген мектеп окуучуларын жылы бою кабыл алууга жөндөмдүү мейманкана курууга тапшырма берилиптир.

“Манас Ордо” – кыргыз мамлекеттүүлүгү түптөлгөн жер. Эгер бул идея ишке ашса, “Манас Ордого” келип зыярат кылып кеткен жаш муундар мекен үчүн, эл үчүн кан-жанын аябаган ата-бабалардын элесин жүрөгүндө сактаса, анда алар да мамлетибиз үчүн, элибиз ак кызмат кылган ар-намыстуу адамдардан болуп өсүп жетилет деген тилек бар.

Дагы бир жагымдуу жаңылык катары уставдык капиталы 1 млрд. сом болгон “Кыргызиндустрия” компаниясы түзүлүп жатканын белгилесек болот. Акыркы 30 жылда кыргыз саясатчылары мамлекеттик ишкана, мамлекеттик менчик десе эле, итиркейлери келип, кабактарына кар жаап келген. Натыйжада, мамлекеттик менчикти талоонго беришип, мамлекеттик ишканаларды атайылап банкротко учуратылып, катуудан темир-тезегине чейин сатылып кеткени эч кимге жашырын эмес.

Министрлер кабинети: «Кыргызиндустрия» ААКнын түзүлүшү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет; мамлекеттин атынан жалгыз акционердин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана саясий тобокелдиктерди азайтат; бул компанияны түзүү келечекте бизнес жүргүзүүнүн заманбап шарттары талап кылган милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүүгө мүмкүндүк берет, мисалга, оперативдүү башкаруунун натыйжалуулугун, бизнестин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, өндүрүштүк чыгымдарды төмөндөтүү менен тобокелдиктерди ж.б. башкарууга мүмкүндүк берет деп кепилдик кылып жатат.

Буюрса, “Кыргызиндустрия” кыргыз экономикасындагы жаңы баракты ачат, жакын арада эле чет элдик инвесторлор менен тең ата мамилелер түзүлүп, анын натыйжасы катары ири долбоорлор ишке ашып, мамлекеттин казынасына миллиондогон кирешелерди алып келет деген үмүт бар.

Дагы бир жакшы жаңылык, алдын ала маалыматтар боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311,0 млрд. сомду түзүп, бекитилген планга салыштырмалуу 30 млрд. сомго өскөн.

Мына ушул жагымдуу жаңылыктар Президент Садыр Жапаровдун мамлекет башчылык кызматка расмий киришкенине бир жыл болоюн деп калган маалда болуп жатканы жышааналуу көрүнүш десек болот.

Садыр Жапаровдун бийликтеги бир жылы өтө түйшүктүү жана жемиштүү болду. Бир жыл аралыгында колдоого караганда, сын пикирлер көп айтылды. Сынай карап, ар бир сүйлөгөн сөзүнөн кынтык издеп, колунан эмне келер экен деген саясатчылар да четтен чыкты.

Арийне, бет алганынан артка кайтпаган мамлекет башчы кадам артынан кадам жасап, бир топ ийгиликтерге жетишти.

Буга мисал катары өткөн жылдын 10-январында жана 11-апрелинде конституциялык реформаларды атасак болот. Былтыр жыл башында мамлекеттик башкаруунун жаңы формасын – президенттик башкарууну тандап алсак, апрелде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынды. Президенттин ыйгарым укуктары бекемделип, Өкмөт жоюлуп, анын ордуна президенттик администрациясынын жетекчиси башында Министрлер кабинети пайда болду. Парламенттин ыйгарым укуктары чектелди жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны кыйла азайып, бир бөлүгү партиялык тизме менен, бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайлана турган болушту.

Мындай өлкөнүн Баш мыйзамы, мамлекеттик башкаруу системасындагы реформаларга байланышкан өзгөрүүлөр менен катар өлкөнүн экономикалык тармагында да орчундуу бурулуштар болду. Кыргызстандын бюджетинин кыймылдаткыч күчү болуп келген “Кумтөр” алтын кенине тышкы башкаруу кирди. Бул кыргыз элинин көп жылдан берки үмүтү жана тилеги эле. Анткени, кедей Кыргызстандын алтыны чет өлкөлүк аты белгисиз миллиардерлерге миллиарддаган кирешелерди алып келген менен, республиканын жакыр калкы ал ырыскыдан куру калып келген.

Genterra Cold Inc. компаниясы былтыр бир жыл бою жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн туура жыйынтык чыгарып, Кыргызстандын калкынын байлыгын өзүнө кайтарып берип гана тим болбостон, мөңгүлөрдү талкалап, экологияга орду толгус зыяндарды апкелгени үчүн тийиштүү чыгымдарды көтөрөт деген ойдобуз.

Кыргызстандын былтыркы эл аралык деңгээлдеги жеңиштеринин бири “Мегаком” менен байланышкан чырда эл аралык арбитраждык соттон уткандыгы болду. Болбосо кыргыз тарап Penwell Business Limited компаниясына жөндөн жөн эле 300 млн. АКШ долларын төлөп калмак. Бул да болсо кыргыз бийлигинин туура жүргүзгөн саясатынан болду десек эч жаңылышпайбыз. Муну менен Кыргызстан эл аралык арбитраждык соттордо башкалар менен тең ата атаандаша алаарын, болгондо жеңишке жете алаарын далилдей алды десек болот.

“Улутман” саясий партиясынын төрагасы Сазыкбай Турдумалиев: “2021-жыл Садыр Жапаров үчүн элдин сынынан өткөн жыл болду жана ал бул сындан татыктуу өттү. Элдин эле сынынан өтүп тим болбой, эл аралык деңгээлде да кадыр-баркы артты. Өлкөнү өнүгүү жолуна баштай ала турган президент катары таанылды.

Ал өлкө саясий жана экономикалык кризиске кептелип турганда келген. Анысы аз келгенсип, мурдагы президенттер А.Атамбаев менен С.Жээнбековдор Кыргызстанды менчигине басып алгансып, жеке керт баштарынын амбицияларынан чыга албай, өлкөнү өнүгүүнүн жолуна салбай эле, коомчулукту эки тарапка бөлүп-жарып салган болчу.

Ал мына дал ушундай учурда бийликтин эки тизгин, бир чылбырын коркпостон колуна алды. Ыплас өткөн парламенттик шайлоолордон кийинки элдик толкундоолорду токтотуп, өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна салды. Конституциялык реформалар менен катар экономикалык реформаларды жасады. Буюрса, быйылкы жыл кыргыз экономикасы үчүн жагымдуу жылдардан болот. Саясат да турукташып, өнүгүү жолуна бет алабыз десем болот.

Мында анын командасындагы Букуев Медетке окшогон азаматтардын салымы бар деп эсептейм” – деп эсептейт.

Чындыгында эле, өлкө өнүгүү жолуна багыт алганын бүтүндөй коомчулук көрүп туру. 2022-жылга карата ИДПны 720 млрд. сомго жеткирүү пландалып жатканы кубанарлык эмей эмине? Социалдык тармак да көз жаздымда калбай, 2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөкпулдар 100%га көбөйгөнү мамлекет карапайым адамдарды унутпайт, ар дайым камкордугуна алат дегенди билдирет.

Айтор, өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун кай тарабын албайлы, чыныгы мамлекетчил көз караш, мамлекетчил мамилелер түптөлүп, көз кубанткан өзгөрүүлөр бар. Кудай ошону элибизге кут кылып, жерибизде бейпилчилик болсун.

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,

«Кыргыз Туусу»

 

 

0 Поделились