“Омикрон” штаммы Кыргызстандын бүт аймагына жайылды

Коронавирус инфекциясынын жаңы “омикрон” штаммы Кыргызстандын бүт аймагына жайылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маалымдады.

Эдил Байсалов: “Азыр мектептерди жаап, экономиканы чектесек да эч пайда жок. Омикрон келди, тарады, көпчүлүккө жукту. Эгерде мурда кимдир бирөөдөн коронавирус инфекциясы аныкталса, класстарды, мекемелерди жаап салышкан болсо, азыр андай муктаждык жок. Жаңы штамм жеңил түрдө өтүп жатат, ооругандардын 90 пайызында ооруканага жатууга зарылчылык жок. Мындан тышкары, оорудан кийин табигый иммунитет пайда болот. Илдетти жеңил өткөрүп жаткандардын бардыгын жаткырып койсок, ооруканаларда орун жок калат. Оор ооругандар үчүн бош орундар калбай калат”- деп билдирди.  Ал эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен жарандарды COVID-19га каршы активдүү эмделүүгө чакырды.

Учурда бардык ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даяр.

 

0 Поделились