ШКУ: Укуктук маселелер боюнча консультациялар өттү

18-19-январда Ташкент шаарында ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин аянтчасында, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин юридикалык кызматтарынын өкүлдөрүнүн кезектеги Уюмдун укуктук базасын инвентаризациялоо жана башка укуктук маселелер боюнча консультациялары өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар укуктук базаны инвентаризациялоо маселелерин, ШКУнун алкагында эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду ишке ашырууну талкуулашты. ШКУнун алдындагы байкоочу статусун укуктук жактан жөнгө салуу, ШКУнун укуктук базасын өнүктүрүү, Уюмдун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында, анын фундаменталдык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, ошондой эле кыргыз тараптын демилгеси менен ШКУнун алкагында эл аралык келишимдердин электрондук базасын түзүү боюнча талкуулар улантылды.

Консультацияларга ШКУга мүчө мамлекеттердин, ШКУнун Катчылыгынын жана ШКУ ААТнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

0 Поделились