60 мектепте электрондук китепкана ачылат

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн 60 мектебинде электрондук китепкана ачат. Министрлик Дүйнөлүк банктын «Билим берүү тутумунун реформасын колдоо» долбоору менен кызматташтыкта ар бир китепканага 20 компьютер, 4 ноутбук, 4 проектор сервер, тармактык жабдуу, компьютер столдорун жана отургучтар берилерин билдирди.

Аталган мектептер билим берүүнүн кластердик борборлоруу жана электрондук мектеп китепканаларын иштетүүнүн үлгүсү болуп калууга багытталган.

Китепканалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында түзүлүүдө.

Китепканаларда билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан окуу материалдары жайгаштырылат.

Андан тышкары министрлик Ачык билим берүү ресурстарынын улуттук репозитарында окуу китептеринини электрондук версияларынын көлөмүн көбөйтөт. Учурда ачык ресурста 369 окуу китеби, 566 диссертация жана 794 санариптик үлгүгө түшүрүлгөн китептер окурмандарга жеткиликтүү болуп калды.