Сооронбай Жээнбеков кыргыз тил сынагынын 94,6 балл алды

Талапкер Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, тестирлөөнүн жыйынтыгында 94,6 балл алды. Бул тууралуу «Кыргызтест» борборунда сынактын жыйынтыгын чыгаруудан кийин белгилүү болду.

Жободо белгиленгендей талапкер 2 саат аралыгында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн өттү.

Эске сала кетсек, бүгүн, 4-августта биринчи болуп сынак тапшырган талапкер Руслан Джунусов жыйынтыгында 46,1 балл алып, талапка ылайык балл топтой алган эмес.

Ал эми сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты күндүн жыйынтыгы менен тапшырылат.

Ошондой эле, бүгүн тест тапшыра турган талапкер Арсланбек Малиев тиешелүү документтерди тапшыруу менен, сынакка келе албастыгын билдирип, тестирлөө датасын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылды.