Эңилчек айыл аймагында 1 метрге чейин жеткен кар жаады

Эңилчек айыл аймагында 1 метрге чейин жеткен кар жаап, жол тайгактыгынан улам болгон унаа кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы 2017-жылдын 29-апрелинен 30-апрелине караган түнү Эңилчек айыл аймагында жайгашкан Ак-Чий жана Боз-Учук айыл амактарына тиешелүү кыштоолорунун жайыт жерлеринде 1 метрге чейин жеткен кар жааган.

Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна баруучу жолунда кар күрткүлөрү пайда болгон. Унаа жол бир каттамга ачык, бирок унаалар жүрүүгө оор абалда, кыштоодогу малчыларга чөп алып барууга кыйынчылыкты жараткан.
Андан сырткары кардын калың жааганына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Алдын ала алган маалыматтар боюнча тоодон кар көчкү түшүп, 5 баш жылкы кар көчкүнүн алдында калган.

Ошондой эле, аталган аймака 2 адам 1 ГАЗ-66 унаасы менен чөп алып баратып, жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алган. 

2017-жылдын 3-майында райондук Жарандык коргонуу комиссия кар жааган аймакка жеринен тактоо үчүн чыгып кетти. Тартылган техника унаа жолду тазалоо иш-чараларын жүргүзүп жатат.