Омикрон оңой жоо эмес

Коңгуроо

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустун омикрон штаммы оңой жоо эмес. Айрыкча, жаш балдар үчүн да коркунучтуу экендиги айтылууда. Орусиянын Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары Александр Горелов бул штамм 2 жаштан 5 жашка чейинки балдар үчүн коркунучтуу экендигин билдирди.

Ал ушул курактагы жаш балдарда биринчи жолу сөзсүз түрдө ооруканаларда дарылоону талап кылган бронхиолит байкалып жатканын айтты. “Азыр инфекциялык процесс жаш балдарга жайлып жатканын, бул өзгөчө эрте жаштагы (2-5) балдар үчүн коркунучтуу экенин көрүп жатабыз. Бул оору жаш балдардын бронхасын, жогорку дем алуу жолдорун жабыркатуу мүнөзүндө өтүүдө. Аларда милдеттүү түрдө ооруканаларга жаткырып дарылоону талап кылган, бронхиалит  кездешип жатат. Ар бир үчүнчү бала диареяга чалдыгууда.

Ошондой эле жашы 65тен ашкан адамдар мурдагыдай эле бул ооруга көбүрөөк чалдыгуучу тобокел тобунда кала берээрин белгилеген. Анткени алар улгайгандыгына байланыштуу бул ооруну өзгөчө оор өткөрүшөт. Мындан тышкары А.Горелов чет өлкөлүк изилдөөлөргө караганда коронавирус боюнда бар аялдарга жуккан учурда баланын өсүүсүнө тескери таасирин тийгизиши ыктымалдыгын белгиледи.

“Мындай учурда баланын , нерв-психикалык жана физикалык өсүүсү кармалып калышы мүмкүн. Бактыга жараша баланын денеси ийкемдүү келгендиктен туура реаблитация жасалса мындай абалдан каксыз айыгып кетүүгө болот”,-деди А.Горелов.

Орусиянын белгилүү окумуштуусунун бул сөздөрү баарыбызды этият болууга чакырат. Белгилүү болгондой Ковид-19 оорусунун алдын-алуунун сыналган жолу, бул вакцина алуу. Экономикасы ашып-ташкан, элинин турмушу жетиштүү дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрү да бул оору менен күрөшүүдө туташ вакцина алуудан башка жолду көрбөй турат. Атургай милдеттүү вакцина алууну киргизген өлкөлөр да бар. Айталы, 1 млрд. 439 млн.дон ашуун калкы бар коңшу Кытай ушунча сандагы калкынын 85 пайызын толук вакцина алуудан өткөргөн. Натыйжада дүйнөнү тумандай каптап бараткан омикрон штаммы кылкылдаган Кытайда катталган жок.

Кытай жыл тогошордо Дүйнөлүк кышкы олимпиада өтө турган Пекинге чукул Тянцзинь шаарынын 13,9 млн. калкын бир жуманын ар жак бер жагында, туташ вакциналаштырып, азырынча бул шаарга кирип-чыкканга катуу тыюу салды.

Дагы эле омикрон штаммынын дүйнөлүк деңгээлде жайылышына көз сала турган болсок, АКШда 17-январга карата 1,4 млн. адамга жуккан. Же болбосо бир суткада ааламдын 3,4 млн. адамына жукту.

Ал эми Орусия өздөрү чыгарган “Спутник” вакцинасы омикрон штаммын оңкосунан түшүрөт деген ишенимде. Бул өлкөдө акыркы суткада омикрон штаммы 33. 899 миң кишиден табылып, 698 адамы каза болгон. Ошону менен бирге Орусияда омикрон штаммы мурда вакцина албаган адамдардан табылып жатканы тууралуу сөз болууда.

Кыргызстанга келсек, 18-январга карата жалпысы 2 млн. 373 миң 365 адам вакцина алыптыр. Мунун ичинде бир жолудан доза алгандары 1.млн. 277 миң 681 адам, ал эми вакцинанын бардык дозасын толук алгандардын саны 1. млн.017 миң 419 адам.

Кечээ, коронавирус өлкө боюнча 870 адамдан аныкталганын Республикалык штаб билдирди. Анын ичинде Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 161, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 23 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 266 адам илдеттен сакайып, төрт бейтап каза болгон. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1040 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 961 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 28 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 842 бейтап каза болду.

Кандай болгондо да туташ вакцина албасак, бул түтүндөй каптаган омикрон штаммына туруштук бериш кыйын.

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,

“Кыргыз Туусу”

0 Поделились