Өрт тилсиз жоо

Сак болгула                                                    

Мезгил өткөн сайын шаарларыбыз кеңейип, айылдарыбыз да өсүүдө. Жаңы үйлөргө да, эски үйлөргө да колунан келгендер газ түтүктөрүн киргизип, электр буюмдарынын түрү көбөйгөн сайын электр энергиясы да көбүрөөк колдонулууда. Мунун жакшы жактары көп,бирок терс жактарын да эстей жүргөнүбүз оң.

Тажрыйба көрсөткөндөй,элдин көбү газ, светти колдонууда коопсуздук эрежелерине көп маани бербейт. Ошондуктан коомдук имараттарга караганда жеке үйлөрдө өрт кырсыгы көп катталат. Анын кесепетинен үйлөр күлгө айланып, ал эми адамдар каза таап же оор күйүк алган учурлар болот.

Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн отту пайдаланууда (айрыкча тамеки чегүүдө, колго жасалган жылытуучу приборлорду колдонууда) этият болуп, электр зымдарын жана жылытуучу мештерди өз убагында оңдоп түзөп туруңуз.

Өрттү өчүргөнгө караганда анын алдын алуу жеңил. Өз үйүңүздү өрт коркунучунан коопсуз кылуу менен сиз өзүңүздүн жакындарыңыздын өмүрлөрүн жана үй-мүлкүңүздү да коркунучтан алыстатасыз.

Эсиңизде болсун:

 — Иштелип жаткан электр приборлорун көзөмөлсүз калтырбаңыз.

— Бузук розетка, вилкаларды колдонбоңуз.

— Газ приборлорун орнотууда,оңдоодо адистерге гана ишениңиз.

— Жылытуу сезону башталаарда мешиңизди текшерип, бузулган жерлерин ондоңуз.

— Эгер өрттү байкап калсаңыз, ошол замат 101 номери аркылуу Өрткө каршы кызматына чалып , эмне күйүп жатканын, толук дарегин, өзүңүздүн аты-жөнүңүздү жана телефон номериңизди билдириңиз.

— Эгер кимдир бирөөгө коркунуч туулганын байкасаңыз, жакын жердеги кишилерди жардамга чакырыңыз.

“Сактанам дегенди Кудай сактайт” деген элибиздин жакшы кеби бар. Андыктан бардык жарандарды өрт коопсуздугуна жакшы көңүл бөлүп, күтүүсүз кырсыктан жакын адамдарын жана үй мүлкүн сактап калууга чакырабыз.

 

Бишкек шаардык Биринчи май райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн офицери, улук лейтенант Рысбек Мураталы уулу

 

 

0 Поделились