Сүйкөлгөн упасы бар, сүйкүмдүү кара өрүк

Агро бурч

Кыргызстандын керемет жаратылышы жер-жемиштердин не бир түрлөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Рынок заманында ар бир аймактын жер-шартына жараша жер-жемиштерди өстүрүп, пайда табууга боло тургандыгын көрүп жүрөбүз. Кадимки эле кара өрүктөн киреше таап, үй-бүлөсүн багып жаткан Талас облусунун Манас районунун Таш-Башат айылынын дыйканы Руслан Сарпиевди кепке тарттык.

 -Руслан мырза, кара өрүктүн кайсы түрүн өстүрөсүз?

-Негизи кара өрүктүн түрлөрү абдан көп. Айталы, кээ бир түрүнүн данеги ажыраса, айрым сортунда данеги ажырабайт. Биз данеги ажырай турганын, сыртында упасы барын өстүрөбүз. Өрүктүн  сыртында  ак, бозомук тартып капталып турганды упалуу өрүк деп коёбуз. Аны алаканың менен сүрүп койсоң кетип калат. Упалуу өрүк алыскы жолго чыдамдуу болот. Муздаткычка жакшы сакталат. Сапатын жоготпой, дайыма өтүмдүү келет. Андыктан упалуу өрүктү  чогултуп жатканда упасын сүрүп албай же колдун тагын калтырбай абдан этиятташ керек.

-Аны өстүрүү көп эмгекти, чыгымды талап кылса керек?

-Кара өрүктү өстүрүүдө чыгым деле кетпейт. Албетте, эмгекти талап кылат. Алгач баштаганда көчөттөрүн сатып алып отургузганбыз. Бул өрүк үч жылда жетилип, мөмө берип баштайт. Андан кийин өрүктүн түбүнө жаңы көчөттөр чыгып калат, ошолорду башка жакка көчүрүп көбөйтөбүз. Мөмөсүнө курт түшпөш үчүн жазында эки ирет дары чачылат. Жаңы бүрдөп баштаганда бир жолу, андан кийин түйүп калганда дагы бир ирет дарылайбыз. Убагында сугарып, күзүндө атайын жер семирткичтерди берип туруу керек.

Биз эми айыл жергесинде жашап, өзүбүз мал кармагандыктан органикалык  жер семирткичтерди беребиз. Эң жакшысы кык болуп эсептелинет. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, жаңы тигилген көчөттөргө жер семирткич берүүнүн кажети жок. Мөмө байлап калганда гана берсе болот.

Былтыр өрүктүн бир килин 22 сомдон өткөрдүк. Кара өрүк өзү түшүмдүү келип, мөмөнү көп берет. Айталы, жети-сегиз жылдык бир түптөн 200-300 кг.га чейин түшүм алса болот. Андыктан кара өрүк өстүргөн адам күйбөйт, өкүнбөйт.

-Кайсыл жактарга экспорттойсуздар?

-Биздин кара өрүктөр экологиялык жактан таза болгондуктан чет өлкөлөрдө суроо-талап жогору. Азыр көбүнчө Казакстанга, Россияга алып кетип жатышат.

Кара өрүктүн пайдасы

Кара өрүк ден соолукка абдан пайдалуу касиеттери арбын. Ошондой эле курагатылган учурда дагы өзүнүн пайдалуулугун жоготпойт.

Тамакты жакшы сиңирет

Кара өрүк ич катканга жана тамакты сиңирүүгө жакшы таасир берет. Жемиштин курамындагы жогорку көрсөткүчтөгү клетчатка тамак сиңирүү органдарына абдан пайдалуу. Ал тамак сиңирүү ферменттерин активдештирип, ичеги-карындын микрофлорасына жакшы таасир берет. Организмден токсиндерди, шлак жана башка зыяндуу заттарды чыгарат.

Жүрөккө даба

Өрүктүн курамында калий көп болгондуктан жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсүнө жакшы таасир берип жана организмдеги суу,туздун катышын теңдештирип турат. Окумуштуулар анын заара чыгаруучу натыйжасы бар экенин, үзгүлтүксүз колдонуу шишиктен арылтарын жана артериалдык кан басымын төмөндөтөөрүн эбак далилдешкен. Жаңы бышкан кара өрүктүн бир даана мөмөсүндө 113 мг калий бар.

Бөйрөк жана боорго пайдасы

 Акыркы изилдөөлөргө таянсак, кургатылган кара өрүк бөйрөк менен боордогу токсиндерди айдап чыгат. Курамындагы калий табарсыктагы таштар менен күрөшүп, өттүн жана табарсыктын иштөөсүн активдештирет.

Жумушка болгон жөндөмдүүлүктү көтөрөт

Кара өрүктүн курамындагы В витаминдеринин тобу организмди сергитет, күч-кубат берет, маанайды көтөрүп, эс тутумду, көздүн көрүүсүн жакшыртат.

 Ашыкча салмактан арылтат

Жогорку көрсөткүчтөгү калориясына карабай арыктоодо натыйжалуу азык. Диетологдор да көп учурда бул азыкты сунушташат. Ал ичегилерди тазалап, заңданууну нормалдаштырып, табитти басаңдатып, ачкалык сезимин жоготот. Суу, тузду нормалдаштырууга көмөкчү болуп, зат алмашууну жакшыртат. Күн сайын негизги тамакты жээрдин алдында кара өрүктүн 5-6 мөмөсүн жесе, тамакка болгон тартылууну басаңдатат. Печенье менен момпосуйдун ордуна жеп турса эң жакшы.

 

 

Наргиза КОЗУБАЕВА,

“Кыргыз Туусу”

 

0 Поделились