Анара Шаимкулова: “Эл аралык деңгээлде “Сармерденди” өткөрсөк, жакшы эле болот экен”

Маданият

Кыз-жигиттин “Сармерден” оюну элибиз кызыгып көргөн телекөрсөтүүлөрдүн бири. Ал эми “Сармерденди” көркүнө чыгара алып барган, ажары да, акылы да келишкен, шаңкылдаган “Шайыр жеңе” Анара Шаимкулова бизде мейманда. Белгилей кетсек, ал өзү да элдик ырларды комуздун, эстраданын коштоосунда кемелине келтире ырдаган, дастан айткан таланттарыбыздын бири. Биздин кабарчыбыз менен болгон маегинде анын чыгармачылыгы тууралуу пикир алышканбыз.

 “Сармерденге” кастингден өтүп келдим

-“Сармерден” долбооруна кастингден өтүп, өз каалоом менен келгем.  “Аны алып барууда анчалык деле кыйынчылык болбойт. Бирок, жоопкерчилик, толкундоо бар. Анткени ар бир оюнга катуу даярдануу керек болот. Кийиле турган кийимдерди да тандап, алдын ала даярдап коюу керек. Негизи эле “Сармерден” долбоору мынча күндөн кийин болот дегенден тартып, менде ойлонуу, толгонуу болот. Оюн бүткөнчө милдет, жүктүн үстүндө жүрөсүң. Бирок, ал жагымдуу жүк. Анткени, “Сармерден” оюну аркылуу жумурай-журтка кызмат кылып жатканымды билем. Мени “Шайыр жеңе” кылып тандап алгандан кийин, татыктуу иштешим керек деген ойдомун.

Аймактардан келгендер жакшы даярданып келишет

 — “Сармерденге” бардыгы эле жогорку деңгээлде даярданып келишет. Аймактардан өнөрпоздор чогулуп, шаардагы жылдыздар менен биригип жакшы бир программа даярдашат. Ошол жагы бизге жеңил болот. Ага карабай оюн жакындаганда биз алардын даярдыктарына катышабыз. Анча-мынча түшүнбөй калган суроолоруна жооп берип, түшүндүрөбүз.

Ал эми тандалмалар “Сармерденге” келгенде эрке бала экөөбүздүн кашыбыздын ортосу кичине тырыша түшөт. Анткени, аларды чогултуу бир аз кыйыныраак. Анткени, алар “жылдыздар”. “Сармерден” башталганда келип олтуруп, бүткөндөн кийин кетип калышат. Мен салыштырып айтып жатам.

Жаңы, жакшы сунуштарды элибиз айтышат

Эл арасында жүргөндө бизге, “Сармердендин” форматын, тартибин өзгөртпөйсүңөрбү, “дайыма эле чыга берген артисттердин ордуна, эл арасында чыкпай жүргөн таланттууларды издебейсиңерби” деген сыяктуу суроо-талаптар болот. Же болбосо, “бир окуу жайы менен башка окуу жайын, ишкана менен ишкананы чакырбайсыңарбы” деген сунуштар да келет.

Жакында эле “Ырдайлы кыргыз ырларын” деген долбоордо Фатима деген апа менен чогуу ырдап калдым. Ал апа мага: “Башка улуттагы кыргыз ырларын ырдаган инсандарды чакырып, “Сармерден” өткөрбөйсүңөрбү?”- деп калды. Андан сырткары, “кытайлык кыргыздарды чакырып көрбөйсүңөрбү” деген да сунуштар бар.

Бул суроолордун үстүнөн “Сармерден” долбоорунун жетекчиси Сагын Ниязалиева эже ойлонуп-толгонуп жүрөт. Мындай ар тараптуу өзгөртүп туруу, көрөрмандарды өзүнө тартып, кызыктуу болот деп ойлоймун. Ал деле биздин колубузда болуш керек.

“Кыргыз-казак- “Сармердени” биринчи жолу өттү

 — Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак “Сармердени” биринчи жолу болуп өттү. Ушуга чынында башкача даярдандык. Ошол жерде намыс дегенди сездим. Башка элден келип жатса, долбоор биздики болсо, сахна төрү да биздики болсо деп, аябай даярдандым. Шайыр жеңе катары кыргыздын оозеки чыгармаларын, каада-салтын, элдик оюндарын, Манас баштаган дастандарын, эпосторун, жаңылмач, табышмак, макал-лакаптарын жакшы билишим керектигин туйдум.

Ошентип, кыргыз-казак “Сармердени” аябай жогорку деңгээлде уюштурулду. Ал эми коңшу өлкөдөн ошончо кишини чакырып, курсагын ачырбай, кабагын бүркөлтпөй жөнөткөн биздин Өкмөттүн кишилери, Маданият министрлиги болду. Кыргыз-казактын көөдөнүндөгү, көңүлүндөгү, тилиндеги, дилиндеги ыр маданияты ушул “Сармерденде” көрүндү десем болот.

Ал күнү менен казактын эрке баласы менен чыккандыгыма аябай толкундандым. Анткени, биздин эрке бала Талант менен отурганда бири-бирибизди түшүнүп, кээде манжаларыбыз менен мынча ыр калды деп көрсөтүп, ымдашып сүйлөшө калат элек. Бири-бирибизди кабак-кашыбыздан түшүнөбүз десем болот.

Мага өзгөчө чыгармачылык эргүү менен иштеген жагат. Айтат элем бизде дагы шарт, мүмкүнчүлүк, жагдай болсо ушундай эл аралык деңгээлде “Сармерден” өтүп турса сонун эле болот экен. Биздин кыргыз өпөрпоз кыз-жигиттери да мына ушул жерде  өзгөчө дем менен даярдыкта турушту. Мындай бир башка демде даярдануу бизге шык берип, намысты ойготот экен.

Ушул жерден пайдаланып, “Сармерденди” уюштурган Сагын эжеге да чоң рахмат айтам. Ага ден соолук, кайрат күч каалаймын. Анткени, ушундай  пайдалуу долбоорлор элибиздин маданиятына, улутубуздун өзүн-өзү таанып билүүсүнө чоң көмөк көрсөтүп, таасирин тийгизип, тарбияга берип жатканы чоң жумуш деп айтат элем.

Айылым жөнүндө ыр жаздым

 Өткөн уй жылы чыгармачылыгымда жакшы эле жыл болду. Биринчи жолу айылыма арнап “Карамартым” деген сөзүн өзүм жазган ырга обон чыгарып, айылдаштарыма белек кылдым. Айылыма барып, ошол мен мактаган, даңктаган “Карамартымдын” кооз табиятын жана ошондой эле айылдагы жакшы адамдарды клипке тартып келдим.

Ушуга чейинки доор техниканын доору деп айтылат экен. Азыр руханий дүйнө доору келди дешет. Баары эле өзүн-өзү өстүрүү, тарбиялоо, өзүн баалоо жаатында аракет кылып калгандай. Анан мен дагы ушул нерсеге баш бактым десем туура болот. Себеби, жан-дүйнөнүн, жүрөктүн тынчтыгы деген жакшы нерсе экен. Жүрөгүң тынч болбосо,  курчап турган чөйрөнүн, дүйнөнүн тынчтыгын сезбейт экенсиң. Мен спорт десе ушундай жаман көрөт элем. Азыр болсо өзүмүн ден соолугума, билимиме, спортко көп көңүл бөлүп калдым. Алдыда дагы пландарым бар. Анын баарына жакында күбө болосуздар.

 

Асел МУСА кызы,

“Кыргыз Туусу”

 

0 Поделились