Азык-түлүк коопсуздугун азыр ойлонолу

Аракетке берекет

Ошентип “өлбөгөн жанга жаз келет” дегендей кыш ортолоп, жазга жакындап калдык. Кургакчылыктан жана өлкөдөгү агрардык саясаттын алсыздыгынан улам быйыл күзүндө эле кымбаттаган арпа, буудай, ун, ун азыктары акырындап дагы кымбаттап бара жатат. Жакында эле Казакстанда болуп өткөн элдик толкундоолор Кыргызстанда буудай, ун маселеси кооптуу абалда экенин дагы бир жолу айгинеледи.  

 Качанкыга чейин казактарга жалдырайбыз

Казак-кыргыз чек аралары жабылары менен көп жылдардан бери казактардын гана контрабандалык унун, ун азыктарын колдонуп калган Талас облусунда ун тартыштыгы жаралды. Ага удаа эле Кыргызстан ун чыгаруучу мекемелер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов 2016-жылдан бери кыргыз рыногу контрабандалык рынок болуп калганын билдирди. Анын айтымында, арпа, буудайды ташып кирүүдө кошумча нарк салыгы алынгандыктан (2021-жылдын 1-августунан  2022-жылдын 1-августуна чейин) 2021-жылы өлкөдө ун комбинаттарынын саны өскөн. “Ошондуктан биз Министрлер кабинетине, Президентке муну дагы 3 жылга узартып берүүнүн суранат элек. Бул ишке ашса атамекендик ун өндүрүүчүлөр өз продукциялары менен калкты 60-70 пайыз камсыздамак”,- дейт Р.Жунушов.

Буга улай ал учурда ун өндүрүүчү ишканаларда 2 айга жетерлик ун жана буудай кору бар экенин ортого салган. Албетте, Р.Жунушовдун бул билдирүүсү азыркы кырдаалда жакшы. Бирок, муну менен Кыргызстандын буудай, ун азыктарына байланыштуу маселеси толук чечилип кетпейт. Ал өзү айткандай эртең эле казак туугандар ар кандай шылтоолор менен чек арасын жаап, буудайды чыгарбай да коюшу мүмкүн. Анда кайра эле өзүбүзгө кыйынчылык жаралат. Ошондуктан өңгөгө ишенбей өзүбүз арпа, буудай айдап, буудайыбыздын клейковинасы (буудайдын курамындагы белоктук зат) аз болсо дагы алгачкы жылдары аны ун кылып жешибиз керек. Анан бара-бара сапаттуу буудайларга өтө алабыз. (Ошол эле учурда єзүбүздүн клейковинасы казактардыкынан кем калбаган, биздин жерде жакшы єскєн буудайдын сорттору бар экенин да эстен чыгарбасак). Эске салсак, 1996-1998-жылдары деле карапайым эл атамекендик арпа, буудайдан эле ун кылып жеген. Ал жылдарга салыштырмалуу азыр Кыргызстанда айыл-чарба техникалары көп жана жакшы сортторду таратуучу жеке менчик үрөн чарбалар да бар.

Бүгүн баштабасак, эртең кеч

Айыл чарба министрлиги 2021-жылы Кыргызстандын буудай азыктарына болгон жалпы керектөөсү 750 миң тонна экенин билдирген. Быйыл кургакчылыктан улам буудайдын түшүмү 41,4%га, арпаныкы 58%га кыскарып, буудайдын баасы бир жылда 40%га өстү. Мындан сырткары акыркы 5, 10 жылда Кыргызстанга сырттан арпа, буудай, сулуу, ун, ун азыктары кирип жатып өлкө боюнча арпа, буудай аянттары кескин кыскарып кеткен. Алсак, ун комбинаттарынын жабылышы менен 2016-жылдан тарта буудай аянттары 120 миң гектарга азайган. Ошол себептен акыркы жылдарда Кыргызстан арпа, буудайды Казакстан, Өзбекстан, Россия, Кытай мамлекеттеринен импорттоп, кээде жардам катары да алып жатат.

Башкача айтканда, учурда биз коңшу мамлекеттерге ун жагынан толук көз карандыбыз десек болот. Бул көз карандылыкты жоюп, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Кыргызстан жылыга 645 миң тонна буудай өндүрүп, буудай импорттоону кескин кыскартыш керек. Адистердин айтымында, качан гана өлкөдө будайдын 85 пайызы өндүрүлүп, импорт 15 пайызды түзүп, буудайдын камсыздык кору 50 миң тонна болгондо гана өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугуна жетишкен болобуз. Буга жетиш үчүн биз ири алдыда буудайдын жакшы сортторун алып келип айдап, өзүбүздүн климатыбызга көндүрүшүбүз керек. Муну ишке ашыруу жылдарды талап кылат. Демек, бүгүнкү күндөн тарта мамлекет кыргыз агрономдору, окумуштуулары менен кызматташып, ирригациялык системаны толугу менен өзгөртүп чыгышы керек. Ошол эле мезгилде 7 жыл ичинде өздөрүнүн климатына жараша буудайдын мыкты сортун чыгарган Башкырстандын, жер астындагы сууларды жүз миңдеген жерлерди сугарууга пайдаланган Кытайдын тажрыйбаларын да үйрөнүү да учур талабы болуп турат. Эгер жогоруда айтылгандар ишке аша турган болсо Кыргызстан Афганистан, Тажикстанга  арпа, буудай, ун, ун азыктарын эскпорттогон өлкөгө айланат.

Жакшы түшүм алгандар бар, бирок…

Үрөн демекчи, учурда Кыргызстанда өз алдынча изилдеп, түшүмдүү арпа, буудай айдоону максат кылгандар да жок эмес. Мисалы, акыркы жылдарда Чүй облусундагы үрөн өндүрүүчүлөр минус 15 градус суукка чыдай турган буудайдын үрөнүн өстүрүшкөн. “Чүй облусунда түнкүсүн суук болуп, күндүз катуу ысып кеткен учурлар болот. Биз мындай шартта жакшы өсүүчү россиялык буудай сортун айдап, көп жылдардан бери гектарынан 55-60 центнерден (6 тоннага жакын) түшүм алып жатабыз”,-дейт “Мир 24” телеканалына берген маегинде фермер Рысбек Иманадиев. Албетте, мындай жаңылык кимди болбосун кубандырбай койбойт. Бирок, мындай түшүмгө жетиш үчүн жердеги нымдуулук дагы тиешелүү нормада болушу керек. Мисалы, быйыл фермерлер Өзбекстандан жакшы буудай үрөнүн алып келишкен. Аны күздүк кылып айдоо үчүн эгин себиле турган жер биринчи сугарылышы керек. Же болбосо күзгү жамгыр жетиштүү болушу кажет. Былтыркы кургакчылыктан жана күзгү жаан-чачындын сейрек болушунан улам күзгү айдап-себүү да ойдогудай болбой калганын айтышат алар.

Анын үстүнө 2021-жылы күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлгөндүктөн дыйкан, фермерлердин көбү дан эгиндерин айдашкан эмес. Буудай эгүү көп жылдардан бери пайдалуу болбой калгандыктан жер иштеткендердин басымдуу бөлүгү беде айдап алышкан. Буга буудай үрөнүнүн жана жер ижарасынын, техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбаттыгы да себепкер болгон. Өткөн жылы кургакчылыктан улам арпа, буудай айдаган фермерлердин айрымдары эки гектардан 2,5 тоннадан гана түшүм алып калышкан. Аны ун кылып саткан күнү да чыгашаны толук жаппай калары айтпасак да түшүнүктүү.

Буудай айдагандарга колдоо керек

Былтыр айыл чарба боюнча эксперт Төрөгул Беков Министрлер кабинети буудай айдаган фермерлерди субсидиялашы керектигин айткан. “Биринчиден аларга арзан насыялар берилип, мамлекет буудайды сырттан кирип жаткан буудайдын баасы менен сатып алышы керек. Ошондо гана фермерлер эч коркпой буудай айдай башташат”,-деген эле ал. Быйыл бул сунушту Министрлер Кабинети бекем колго албаса болбойт.  Себеби, учурда күйүүчү май 57 сомго чыгып, тоюттук буудайдын килограммы 27, үрөндүк буудайдын килограммы 35 сомдон жогору болуп турат.

Казакстан болсо ЕАЭБге мүчө экенибизге карабай Кыргызстанды үчүнчү өлкө категориясына киргизип койгон. Тактап айтканда, казак фермери Кыргызстанга буудай саткысы келсе сатуучу буудайдын жалпы көлөмүнүн 30 пайызын ал Казакстандын турукташтыруу фондуна арзан баада сатышы керек болот. Натыйжада казакстандык фермер ортодогу чыгашасын Кыргызстанга сатуучу буудайдын баасына кошот. Ошентип казак буудайы да бизге кымбат сатылып жатканын айтат адистер. Эгер быйылкы инфляцияны эске ала турган болсок казак буудайы быйыл деле арзандабайт. Демек, бабаларыбыз айткандай, “жаздын камын кышта көрүп” азыртадан арпа, буудай аянттарын болушунча көбөйтүүгө аракет кылышыбыз керек.

Дасторконубузда эмне бар?

Акыркы жылдары ун, ун азыктарына, өсүмдүк майына болгон суроо талаптын өсүшүнө пандемиядан кийинки экономикалык жагдай да себепкер болгон. Албетте, негизги азык катары ундун, ун азыктарынын кымбат болсо дагы болуп турганы жакшы. Бирок, дарыгерлердин айтымдарында, кара курсакты нан, карандай таттуу чай менен же майлуу тамактар менен кампайтып жүрө берүү да калк саламаттыгына кооптуу. Бул жакырчылыктан чыгуунун да бирден-бир жолу эмес. Муну айтканыбыз, акыркы жылдарда Кыргызстанда ун азыктарын, сапатсыз кондитердик таттууларды жана синтетикалык майларды көп колдонуудан улам жүрөк ооруларынан, кант диабетинен, семиздиктен жабыр тарткандардын саны кыйла көбөйгөн. Алсак, 2019-жылы калктын 48 пайызында гана туура тамактанууга, витаминдүү бай азыктарды сатып алууга мүмкүнчүлүгү болсо, элдин 20 пайызы семиздиктен кыйналары анык болгон. Өкүнүчтүүсү семиздиктен жабыркагандардын арасында балдар да бар. Демек, учурда элдин  туура тамактануу боюнча аң-сезимин өстүрүп, жеке эле ун азыктарына басым жасай бербей рационго жашылча, мөмө жемиштерди аралаштырууну күчөтүшүбүз керек. Адистер айткандай, туура тамактануу, азык-түлүк коопсуздугу түшүнүктөрү социалдык коргоо системасына киргизилиши керек. Бул үчүн мамлекеттик деңгээлде жылына канча буудай өндүрүлгөнүнө эле эмес элдин күнүмдүк ичип, жеп жаткан тамак рационуна да терең маани берилгени оң.

Ак ундан кара ун, жарма жакшы

Илгери буудайды ата-бабаларыбыз тышкы кабыгы менен кошо суу тегирменге салып, кебеги аралаш унду нан кылып жеп келишкен. Учурда буудай кебегинен тазаланып, ак  ун болуп чыгат. Аны кайра дагы жасалма жол менен агартышып, жарамдуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ар кандай консерванттарды да кошушууда. Ошентип ун табийгый витаминдерин да жоготот. Ошол эле кезде биз, айрыкча кыргыздар клейковинасы аз деп жергиликтүү буудайды чанып, казак туугандардын ак унун жеп жатабыз.

Медицинада болсо клейковина ашказандын иштөөсүн бузса, углевод (көмүртек, кычкылтек, суутектен түзүлгөн зат) кандын курамындагы канттын жогорулатары айтылып келет. Ошондуктан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму күнүнө 25 грамм кебек жеп турууну сунуштайт. Андыктан азыр намыстанбай эле 2-сорттогу унду жеп, максым, жарма жасап ичишибиз керек. Мындай азыктар менен тамактанган адамдын организми ашыкча уулуу заттардан тазаланып, ден соолугу жакшырат.

Мындан сырткары дарыгерлер, диетологдор турмушта күрүч, сулуу, жүгөрү, гречка унун да көп пайдаланууну сунушташат. Себеби күрүч унунда белок менен крахмал көп болсо, гречка унунда В жана Е витаминдери арбын. Гречка унунда болсо зат алмаштырууну жакшыртуучу кремний бар жана башка витаминдерге да бай. Ошол эле кезде буудай унунда да минералдар, В, Е, РР витаминдери, кальций, темир, фосфор, магний, марганец, медь, калий и цинк бар.

Бирок аны ашыкча колдонуу адамды семиртип, кан басым, жүрөк ооруларына алып келет. Элибизде айтылгандай “нан улук, нан болсо ыр да болору” шексиз. Нанды эч ким чана да, тана да албайт. Бирок, ден соолук, саламаттык үчүн учурда жашылча, мөмө жемиштерди көбөйтүп, Германиядагыдай алакандай жерден кышы бою жеткидей витаминдүү азыктарды даярдап алууга өтүшүбүз керек. Тамак рационубуз түрлөнсө ун, ун азыктарына болгон муктаждык да азайып, ден соолугу чың муун өсүп чыгары анык эмеспи.

 

Мелис СОВЕТ уулу,

 “Кыргыз Туусу”

 

0 Поделились