Кайдыгер калтырбаган “Караңгы аллеялар”

Жаңы котормо

Жакында акын, котормочу, “Күн дидары”, “Алтын жебе”, “Сүйүү лабиринти” ырлар жыйнагынын жана “Өзөн жээгиндеги үй” поэтикалык котормолор китебинин автору Таштанбек Чакиевдин “Караңгы аллеялар” аталган котормосу  жарык көрдү.

Китепке белгилүү орус жазуучусу Иван Буниндин өңчөй сүйүү темасындагы аңгемелери кирген. Автор китептин эпилогунда жазгандай Иван Бунин бул аңгемелер жыйнагын өзүнүн мыкты чыгармалары деп эсептеген. Ошол себептен ал “Бул китеп адам баласынын сезимин элеп-желеп кылып, көңүлүн көккө сермеген чыныгы махабат менен анын не бир катаал мүнөзү жана “караңгы” аллеялары жөнүндө.

Китепке киргизилген аңгемелер өздөрүнүн оригиналдуулугу менен мени не бир ажайып дүйнөгө жетелейт. Буга чейин жараткан чыгармаларым жүрөгүмдү мынчалык уйгу-туйгу кылган эмес”,- деп жазган.

Котормочу Таштан Чакиев дагы бул аңгемелерди Буниндей ырахаттанып которгонун айтат. Чынында, жыйнакка киргизилген аңгемелер бири-бирине окшобогон, бири экинчисинен кызык, өкүттүү сүйүү таржымалын баяндайт.

1955-жылдан тарта Буниндин китептери СССРде эң көп басылып чыкканы да ошондон улам болсо керек. Орустун улуу жазуучусу М.Горький “орус адабиятынан Бунинди алып салсак анда ал жаркырап турган жылдызынан ажырайт, нуру өчүп, кунарсыз кейипке келет”,- деп айтканы бар. Анын сыңарындай Т.Чакиевдин бул котормолору кыргыз адабиятына да өзгөчө өң, түс берип, жаш калемгерлерди, котормочуларды, адабиятчыларды шыктандырары анык.

Анткени, буга чейин автор орустун дагы бир классиги Антон Чеховдун аңгемелерин кыргызчалап, “Кутучадагы адам” аттуу китебин кыргыз окурмандарына сунуштаган. Бул аңгемелер дагы окурмандардын жылуу пикирине арзып, алардын кызыгуусун жараткан. Себеби, котормочу аңгеменин негизги өзөгүн бузбай, кыргыз окурмандарынын табитине жараша, алар аңгемени жеңил, жугумдуу кылып кабыл алгандай жалпак тилге салып которгон. Андыктан котормочунун бул жолку аңгемелер котормолору да окурманды кайдыгер калтырбаса керек. “Котормо, котормо, май куюп турат моторго” деп улуу акыныбыз Рамис Рыскулов жазгандай бул аңгемелер окурмандардын, чыгармачыл адамдардын эргүүсүнө эргүү кошуп, чыгармачылык моторуна май куяры да шексиз.

 

Мелис СОВЕТ уулу,

“Кыргыз Туусу”     

 

 

0 Поделились