Быйылкы бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжол кандай?
19-январда Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.
Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.
Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2%га же 109,2 млрд. сомго көбөйгөн. 2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295,8 млрд. сомду жана 312,2 млрд. сомду түзөт.
2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 млрд. сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 млрд. сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында Республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 млрд. сомду жана 303,8 млрд. сомду түзөт.
Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд. сомду же ИДПга карата 1,3%ды түзөт.
Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд. сом же ИДПга карата 1,0% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 млрд. сом деп болжолдонууда.
Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд. сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилей кетүү керек.