Жээнбеков: Кыргызстанга Атамбаевдин ишин уланта турган президент керек

КСДП партиясы президенттикке талапкер кылып көрсөтүп жаткан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга азыркы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин ишин уланта турган президент керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн кыргыз тили боюнча тест тапшырганы барганда билдирди.

Ал өкмөт башчылык кызматын Боршайком аны талапкер кылып расмий каттаганда тапшырып берерин айтты.

15-октябрда өтө турган шайлоого талапкер болуп катталам дегендердин саны 57 адам. Алардын арасынан 30 миң кол топтоп, тил сынагынан өтүп, 1 миллион сом күрөө койгондор жана башка мыйзам талаптарына жооп бергендер катталат.

Бүгүнкү күнгө карата 22 жаран тест тапшырды, алардын бирөө, ишкер Руслан Жунусов өтпөй калды.

Булак: «Азаттык»