Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Министрлер Кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына  барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.

0 Поделились