5-августка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын аймагында түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28 гардуска көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында 5-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы күндүз 16…18,  30…32 градус ысык болот.