Айпери Медет кызы жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Мелдеште ал  кыз-келиндер күрөшү боюнча 72 кг чейинки салмакта күч сынашты.

Айпери 1/8 финалда швециялык Денис Сабина Макота Строемди беттештин мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Чейрек финалда италиялык Еллени Пьоллайды 8:0 эсебинде утту. Ал эми жарым финалдык таймашта орусиялык Кристина Шумованы 26 секунддун ичинде жеңип, финалга чыккан.

Алтын медаль үчүн таймашта Айпери Медет кызы япониялык балбан Ясуха Мацуюки менен таймашып, 8:6 эсебинде жеңип чыкты.

Мелдештин жыйынтыгында Айпери Медет кызы жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.