Маданият кызматкерлерине турак жай куруу үчүн тендер жарыяланды

Архитектура, курулуш жана турак-жай мамлекеттик агенттигинин Чүй облустук турак-жай жана жарандык инженерия департаментинин  капиталдык курулуш аймактык башкармалыгы үй куруу боюнча долбоорлорго тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында кабарлангандай турак үйлөр 105 сериядагы  көп кабаттуу болуп курулушу керек.  Жайгашкан жери Бишкек шаарынын Анкара жана Виноградный көчөлөрүнүн кесилиши деп белгиленген жана Кыргызстандын маданият кызматкерлерине деп айтылат.

Тендер 3-августта жарыяланды. Ал 10-августка чейин улантылат.  Долбоорду иштеп чыгууга 1млн 323миң  сом бөлүү каралып жатат.