ӨКМ туризмдин экстрималдуу түрүн өркүндөтүүгө салымын кошот

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, аймагыбызда туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Айрыкча, туристтерге мекенибиздин ажайып кооз жаратылышын, асман тиреген аска-зоосун көрсөтүүдө альпинисттик жана парашют менен абада калкуу түрлөрүн өнүктүрүү  маанилүү экени баарыбызга маалым. Бул тууралуу ӨКМ Пресс-Борбору маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Альпинисттер, Парашютчулар федерацияларынын президенттери жана ушул сыяктуу туризмдин экстремалдык түрлөрү менен алектенген компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда туризмдин аталган түрлөрүн өнүктүрүүгө арналган узак мөөнөттүү кызматташуунун багыттары аныкталып, туризмди өнүктүрүү менен катар эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда куткаруучулардын кесиптик тажрыйбаларын жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министр: «Экстремалдык туризм — өлкөнүн  туризми үчүн өтө маанилүү тармактардын бири экенин белгилеп, куткаруучулар тобунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү бул тармакты өнүктүрүүнүн баштапкы стратегиялык багыты болуп саналарын баса белгиледи».

 

0 Поделились