Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барат

Бүгүн, 5-августта өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков  Чоң-Алай районунда болот. Анда ал 2017-жылдын 3-5-майында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган Кара-Мык, Шибээ жана Кулчу айылдарындагы социалдык мекемелерди калыбына келтирүү иштери менен таанышат.