Атамбаев Ботаникалык бактын аймагына лаборатория курбоону тапшырды

Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагына пландалып жаткан лабораторияны башка жакка куруу боюнча президент өкмөткө тапшырма берди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ботаникалык бакка лаборатория куруу Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин, ал жердеги өсүмдүктөргө зыяны тиерин билдирди. Бул тууралуу 5-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан кабарда айтылат.

Атамбаев Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын курамынан чыгарып, «улуттук» деген макам берүүнү жана өз алдынча илимий-изилдөө жүргүзгөн мекемеге айландырууну да сунуштаты.

Мурдараак аталган бактын аймагына Кытай өкмөтү бере турган 18 миллион долларга лаборатория курула тургандыгы айтылып, коомчулукта кызуу талкууга түшкөн эле.

Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагы болуп саналат жана мамлекеттин кайтаруусунда турат.

2-августта Ботаникалык бакта өрт чыгып, бир топ аймагы күйгөн.

Булак: «Азаттык»