Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиондугунда күмүш медал тагынды

Кыргызстандык грек-рим күрөшчүсү Жоламан Шаршенбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдын ээси болду. Мелдеш Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жатат.

55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Шаршенбеков алгач венгриялык Кристиан Кекскеметти (8:0), андан соң италиялык Жованни Френини (8:0), чейрек финалда орусиялык Эмин Севершаевди (13:1), жарым финалда армениялык Тигран Минасянды (12:2) эсебинде жеңип финалдык таймашка чыккан. Алтын байге үчүн түркиялык Керем Камал менен таймашып, бул беттеште түрк балбаны 12:3 эсебинде жеңишти колго алды.