Түндүк Кореяга карата санкциялар: өлкө жылына миллиард доллардан кол жууйт

БУУнун коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкцияларды кеңейтүү резолюциясына добуш бергендиги тууралуу РИА Новости жазды.

Резолюцияда Түндүк Кореядан алынган импортко тыюу салуу каралган. Бул мамлекет темир, көмүр, деңиз азык-түлүктөрүн сыртка чыгарат.

Ошондой эле анын сырткы соодага пайдаланчу банктагы эсептери тоңдурулуп, деңиз кемелери бар дагы мамлекеттин портторуна кире албай калат.

Мындан тышкары, аталган мамлекеттин жарандарына жумуш бербөө, ар тараптан кызматташууну токтотуу маселеси каралды.

Резолюцияны сунуштаган АКШ тараптын эсептөөсү боюнча эгер бул шарттарды бардык мамлекеттер толугу менен аткарса, Пхеньяндын кирешесин бир жылда миллиард долларга чейин кыскартууга мүмкүн болот.

Пхеньяндын өзөктүк ракета программасынын айынан Түндүк Кореядагы абал курч бойдон калууда.

Июль айында Корея «Хвасон-14» баллистикалык ракетасын эки ирет учуруп, сыноо ийгиликтүү болгонун жарыялаган.