А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиев жана Б.Төрөбаев бирикти

Кыргызстандагы 4 саясий партиянын лидерлери биригип, президенттикке бир талапкер көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Эми саясатчылар — Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодо бир команда болушат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катчылыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Ата Журт Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынын лидерлери макулдашууга кечээ, 6-августта кол коюшкан.