Чүйдө жана Ошто эки жаңы мектеп ачылды

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын көмөгү менен Чүйдө жана Ошто эки мектеп ачылды. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат катчысы Рахматулла Мухаммед билдирди.

Чүйдүн Чолпон жана Оштун Кайрагач айылдарындагы эки мектеп тең мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, алардын расмий ачылышы дем алыш күндөрү КРнын президентинин аппаратынын, Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Чолпондогу 150 орундуу жана Кайрагачтагы 170 орунга ылайыкталган мектептер тиешелүү эмерек, класстык жасалга, видеокөзөмөл апараттары менен жабдылып, короо-жайы тосмолонду.