Кыргызстандык Э.Асрандиев Ысык-Көлдөн 5 саатта сүзүп өттү

Кыргызстандык Эркин Асрандиев 5-августта Ысык-Көлдөн сүзүп өттү.
Суучул Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кара-Талаа айылынан баштап, түндүк жээктеги Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп келген. Ал 15 км 100 метр аралыкты 5 саат 24 мүнөттө сүзүп өткөн.