Ысык-Көлдөгү туробьектилер 80-85% толгон

Ысык-Көлдөгү туристтик обьектилер 80-85% толгон. Бул тууралуу туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

“Учурда Ысык-Көлдөгү туристтик обьектилер 80-85% толгон. Бул жайкы мезгилдин жогорку көрсөткүчү. Биз бул динамиканы кармап калып, мындан ары өнүктүрүп, тейлөө сервисин жакшыртуубуз керек”,-дейт Азамат Жаманкулов.

Ошондой эле, ал Ысык-Көлдүн түштүк жээги эко-жана туризмдин маданият борбору катары өнүгөөрүн, бүгүнкү күнү республиканын башка аймактарындагы туризмди өнүктүрүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат деп белгиледи. Эксперттер ар бир аймакты изилдеп, кандай багытта өнүктүрүүнү такташууда.