8-августка карата аба ырайы
Кыргызгидромет билдиргендей, 8-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +28…+33;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;
Ал эми Бишкек шаарында 8-августта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 36…38° градуска чейин ысыйт.