Президенттикке жарыштан дагы 4 талапкер чыгарылды

Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген жарандардын ичинен дагы төрт жаран жарыштан четтетилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 7-августтагы отурумунда кабыл алынды.

БШКдан билдиришкендей, 4 жаран — Игорь Трофимов, Муканбай Аманбаев, Марта Кыдыралиева жана Мирлан Шеркул уулу белгиленген мөөнөткө чейин шайлоо фондун түзбөгөндүгүнө байланыштуу шайлоого катышуудан чыгарылды. Алар мамлекеттик тил боюнча сынакты дагы тапшырышкан эмес.

Эске салсак буга чейин, талапкерлердин экөө — Анвар Сартаев жана Нусрет Магомедов арыздарын кайтарып алышса, 32 жаштагы Куттубек Бешбаков 35 жашка толо электигинен улам тизмеден чыгарылган.