Укук коргоо органдарын реформалоо боюнча мывйзамдарга өзгөртүүлөр кирди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Коррупцияга жана экономика чөйрөсүндө кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Анын максаты  жеке менчикти, бизнести, ишкерлердин, жалпы эле коомдун  укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, коррупциянын түпкү себептерин жоюуга жана укук коргоо органдарынын заманбап тутумун түзүүгө багытталган, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү  чакырыктарга жана коркунучтарга  жооп берген укук коргоо тутумун өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзамда бардык экономикалык кылмыштарды иликтөө  милдетин Өкмөткө караштуу  экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын карамагына өткөрүп берүү каралган.

Ал расмий жарыяланган күндөн тартып  он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.