Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Түркияга кетти

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта 2 күндүк иш сапары менен Түркияга учуп кетти.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле, өкмөт башчы Стамбул шаарында тургузулган Манас баатырдын айкелинин, «Манас» китебинин ачылышына катышат жана «Манас» эпосу тууралуу кыска метраждуу тасма жана театралдык оюн көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугат.