Сентябрда Бишкекке жаңы троллейбус жана автобустар келет

Сентябрь айында Бишкек шаарына жаңы троллейбустар жана автобустар алынат.

Мэриядан билдиришкендей, троллейбустарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлүп, макулдашуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жөнөтүлдү. Тендерде орусиялык жана белоруссиялык компаниялар утуп алышкан.

Троллейбустарды сатып алуу үчүн 8 млн евро насыя алынган.

Мындан сырткары, жаңы автобустарды сатып алууга тендер жарыяланды. Ага жергиликтүү бюджеттен 103 млн сом каралган.