Шайлоого даярдык шайма-шай
Бишкек мериясынын билдирүүсүнө караганда, 2022-жылдын 27-февралына дайындалган кайталап шайлоого карата 120 шайлоо участогу уюштурулду:
Маалыматка ылайык, эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 654 адам, анын ичинен:
— Биринчи май району боюнча 113 105 адам;
— Свердлов районунда 106 549 адам.
«Участоктук шайлоо комиссияларынын иштөөсү үчүн тиешелүү жайлар бөлүнгөн. Бишкек шаарынын жана Бишкек шаарынын муниципалдык администрациялык райондорунун кызматтарын шайлоо участоктору бекитилди. Шайлоо учурунда медицина кызматкерлери бөлүнүп, алар 2 нөөмөт менен иштешет». — деп айтылат билдирүүдө.
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”