Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Тээ тумшуктан бери имерилиште калдандап чуркап келе жаткан жалгыз караанды көрүп, кадамын жайлатып, көргөн көзүнө ишенип-ишене албай, бүшүркөй тиктеди Алымкан. Ыраматылык кайын энесинин түшүнө кирип: “…Тынар да ыйлап келе жатат. Бар…” – дегени мээсине “тык” эте калды. “Касиетиңден кагылайын энекебай! – деп жалынып-жалбарып жиберди аял. – Эгерде бул чындап эле Тынар болсо, алдыңдан кыя өтпөйүн…”

Бул анын ар дайым төлгө кылган кезде айтчу сөзү. Эми да ошентти. Бир чети Бүбү эненин арбагы чындап эле ага аян берип, ага кечирим кылганына ишенгиси келсе, бир чети өзүн издеп алар бирөө-жарымдын бар экенине ишенгиси келип, келе жаткан караандын чындап эле уулу болуусун каалады эне. “О, Кудай, чыны менен эле жаман уулум артымдан издегенге жарап калса, мага андан өткөн бакыт барбы? Кагылып кетейин Кудай, ошондой болсо канакей?! Мени да издеп, таап келер, өлсөм өкүрүп көмөр баламдын бар экенин көрүп өлсөм, арманым болбос эле го!”

Эсинде, анда Тынар жетиден сегизге караган маалы болчу. “Ары бас, бери басты” түшүнбөгөн баласы үчүн кейип-кепчип отурса Бүбү эненин: “Карап тур, карыганыңда жалгыз ушул оорусаң оозуңа суу тамызып, башыңды жөлөйт,” – дегени бар. “Апам деле жаңылган экен… – деп калчу кийин балакатка толсо деле маңыроо чалыш баласын карап отуруп. – Бир чети караан болуп, аман турганына шүгүр, акыл-эси соолору мени жыргатып жатабы? Кетишти го туш-тушка”, – дечү көп учурда өзүн-өзү жооткотуп.

Эми шамалга этек-жеңи желбиреп, жоолугу желкесине шыпырылып түшүп, дикилдеп келе жаткан энесин таанып, кубанычы да, таарынычы да аралаш:

– Апа-аа! – деп баркырады уулу. Бет алдынан уруп, көкүрөгүнөн түрткөн шамалды “сүзгүлөп”, дулдулуңдап жанынын барынча чуркады бала.

– Балам тура! – тааныды эне да. – О, Кудуретиңден кагылып кетейин Кудай! Арбагыңдан айланайын энекебай! Балам тура!

Ушинткен эне этегине чалынып, баласына жетип-жетпей көмкөрөсүнөн кулады.

– Апа-а!! – ансайын баркырап келип, энесин өйдө көтөрө койду бала.

– Апа, өлбөчү?! Сен өлгөн жоксуң, ээ?!

Алымкан уулунун бети-башынан туш келди өпкүлөп, ыйлай берди:

– Кагылып кетейиним! Алдына кетейиним! Карааным менин! Карманар бутагым менин! Мени издедиңби? Издеп келдиңби?

Уулунун көздөрүнө тигилди.

Уулу эреркеп, ээгин эмшеңдетип башын ийкеди.

– Мени кантип таптың? – деди Алымкан. Тынар колу менен Абылайлар кеткен тарапты жаңсап, аптыга үзүп-үзүп айтты:

– А… а… айтты.

– Ким? Эмне деп айтты?

– А… а-паң ө-өлдү деп.

– Кагылып кетейиним! Эми өлбөйм, балам! Эми өлбөйм…

Эне ордунан туруп, өзүнүн этек-жеңин кагып-силкип, уулунун үстү-башын күбүп, жакасын оңдоду. Эмнегедир ушу саам Алымкан кадыресе кайраттанып, боюн түзөй кайкайып, алда неге бел байлай түшкөн сыяктанды. Шамалга сапырылган чачын жыйнап, жоолугун ондоп салынды.

– Курсагың ачтыбы? – уулун аяй карады.

Баласы эстей койгонсуп, күрмөсүнүн ички өңүрүндөгү апасы атайылап тигип берген чөнтөгүнө колун сойлотту. Жарымы желген нанга кошуп, дайыма кайыш куруна салпаңдатып асып жүрчү жалпак челегин чече коюп энесине сунду. “Жаман эме курсагы ачып, суусаганын билбей жүрө бербесин”, — деп Алымкан дайыма уулунун чөнтөгүнө нан салып, оозу буралып бекиген жалпак челекке суу куюп, байлап бере турган.

Эне-бала жол жээгине олтуруп, өзөк жалгашты. Кардынын канчалык ачканын, кече кечтен бери оозуна наар албаганын ошондо билди Алымкан. “Тиги бечара кантти экен?!” – эсине Кызмончок түшүп кетти. Кекиртегине бирдеме тура калгансып, какап-чакап да кетти: “Нан жебей балакет жейин, кокуй! Кош бойлуу неме талаада жатып калса эмне болот?! Ботом, берки үчөө көрүнбөйт да?!”

Ордунан туруп, колуна көзүнө калканч кыла коюп келген тарабына карады. “Капырай, жерге житип кетишкенби? Деги соо болгой эле. Же Кызмончок бирдеме болуп, кайра кетиштиби?”

– Жүрү, балам?!

Энесин тапканына дүйнөсү түгөл болуп, майпаңдап нан жеп, суу ичип отурган баласы аңкая карады.

– Тура гой, балам. Тур. Тиякта Кызмончок эмне болду?.. Ачка неме жыгылып калбасын.

Өзүнүн колундагы алакандын отундай болгон токочту чөнтөгүнө салып, баласындагы челекти алып чайкап көрүп, уулунун белине кайра байлап койду:

– Муну ичпе, тиги кызга ала баралы, макулбу? — бир чети баласын макулдаткысы келгендей, бир чети өзүнүн да ынангысы келгендей кобурады.

– Сен эс кирип, заңкайган жигит болуп калбадыңбы…

Уулу болбурап, башын ийкеди.

***

Кызмончокту карай келе жаткан Жан тээ төмөн тарапта калдалаңдап, кайра кайтып келе жаткан Асанды көрүп, багытын ыкчам өзгөрттү. Ушу азыр бетме-бет алдынан чыгып, кармашка түшчүдөй эми түз эле уланды карай зыпылдады. Катуу чуркап келе жаткан Асан капилет эле алдынан «сорок» этип чыга калган жыландан чочуп, үстүнөн аттап-буттап секирип өттү да, ошол күү менен дагы бир топко токтоно албай барды. Тээ бир далайдан кийин артына бурулуп, мына-мына жетейин деп калган жылан менен кармашка түшчүдөй:

– Эмне?! – деди көкүрөгүн солкулдатат терең-терең дем алып. – Аркамдан кол салайын дедиңби?!

Жылан да токтоп калды.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.