Орусия Кыргызстанга эки учак берди

Кыргызстанга Орусия тарабынан берилген  аскердик-техникалык  эки учак келди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон учурда билдирди.

Анын айтымынлда, учактарды расмий өткөрүп берүүнүн  аземи болжолдонуп жатат.

Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына  өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, башкаруу органдарын оптималдаштыруу жана  бөлүмчөлөрдүн  күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан  иштердин негизги жыйынтыктары туурасында  маалымат берилди.

Алмазбек Атамбаев  мамлекеттин тышкы чек араларын чыңдоо жана  коргонуу жөндөмдүүлүгүн  арттыруу боюнча милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн  өнүктүрүү боюнча бардык  комплекстүү чараларды мындан ары активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.