Бишкекте жол кырсыгынан 19 жаштагы кыз каза болду

Бүгүн, 8- августта, болжол менен саат 08:20 чамасында Арча-Бешик жаңы конушунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Мааылматка ылайык, Шералиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес Спринтер” жана “Фольксваген Транспортер” унаалары сүзүшкөн.

Натыйжада 19 жаштагы маршруттук таксинин жүргүнчүсү каза болгон.

Милициянын алдын ала маалыматтары жана күбөлөрдүн айтуусу боюнча, “Фольксваген Транспортер” унаасынын айдоочусу светофордун тыюу салган белгисине карабай кесилиштен чыга калып, “Мерседес Спринтерди” сүзүп алган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бир катар экспертизалар дайындалды.