БШК: Алты талапкер шайлоого катышуудан четтетилди

БШКнын 7-августта өткөн жыйынында Президенттик кызматка талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселелер каралып, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, Нусрет Мамедов жана Анвар Сартаевдин өздөрүнүн  талапкерлигин  алып салуу боюнча берген арыздарын  канааттандыруу  тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошондой эле, талапкер катары арыздарын берген Марта Кыдыралиева, Муканбай Айманбаев жана Камил Токтобаев көрсөтүлгөн күндөн баштап  5 календардык күндүн ичинде   шайлоо фондусун түзө албай  калгандыгына байланыштуу аларды каттоодон баш тартылды.

Мындан сырткары,  жаш курагы  жетпегендигине байланыштуу Роман Ремнев талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

Бүгүн, 8-августка карата президенттикке талапкерлердин саны 52 болду.

Эске салсак, буга чейин Куттубек Бешбаков 35 жашка толо электигинен улам шайлоого катышуудан четтетилген.